КР Жогорку Кеңешинин аппаратынын катардагы кызматкери Тимур Абылаев Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасында жаңы пост жазды:
“Биринчиден, биз депутаттардын кандайча сыйлыктарга ээ болуп, оркестрдин коштоосунда эс алууга кеткенине күбө болдук. Ооба, мыйзамга ылайык иш алып барышты, бирок COVID-19 жана пневмония менен байланышкан кырдаалды эске алганда, адамдар каза болуп жатышканда… медициналык шаймандардын, дары-дармектердин жана медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги… ооруканаларда керебеттердин жана тамак-аш тартыштыгы болгондо, депутаттардын эс алууга чыгууга укугу жок эле! Бул өз элине кылган чыккынчылык!
Экинчиден, республикалык бюджетте каражаттын жоктугунан улам, өкмөт мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде медициналык кызматкерлерге айлык акы төлөп бере албай жатат. Биз эмгек акылары кандай өлчөмдө экендигин билебиз.
Бирок, депутаттарга каникулга чыгар алдында кепилденген өргүү акысын (3 айлык акы) жана 1 айлык маянаны ден соолукту калыбына келтирүүгө берилди. Жалпысынан, ар бир депутат кеминде 200 000 сом алган! Бул миллиондогон сом, аны 120 депутатка эмес, миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калууга жумшаса болот! Бул чума учурунда той! Бул акарат!
Парламенттин депутаттарына кайрылам!
Баарыңарга нааразычылык билдиргим келет! Баарыңар эл өкүлдөрү деген наамга татыктуу эмессиңер! Сиздерде абийир жок!”
Тимур Абылаев, КР Жогорку Кеңешинин аппаратынын кызматкери
https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=10158589684624826&substory_index=0&id=524769825