Баткен облусундагы чек арага жакын аймакта дагы жаңжал болуп өттү. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2020-жылдын 9нан 10-январына караган түнү 00:40 убактысында Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк айылында белгисиз бирөөлөр Баткен шаарына багыт алып бараткан Кыргызстандын жаранынын автоунаасына таш ыргытышкан. Анан дагы ал белгисиз адамдардын Тажикстандын территориясында изин суутушкан. Кыргызстандын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча машинанын ичинде болгон кыргыз жарандарынын жабыркагандары бар. Машинанын капталдагы жана арт жагындагы айнектери талкаланган.
Мына ушул окуядан кийин болжол менен бир сааттан соң Тажикстандын жарандары Көчө-Карын аймагында Баткенден Көк-Таш айылына бараткан башка бир Кыргызстандын жаранынын автомашинасын ташбараң кылышкан. Натыйжада автоунаанын маңдайкы айнеги талкаланган. Анан болжол менен саат 02-40тарда Тажикстандын жарандары Дахма аймагындагы Кыргызстандын жаранынын үйүн таш менен ургулушкан. Ошол Кыргызстандын жаранынын үйүнө бара жатышкан чек арачылар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы Тажикстан тараптан аңчылыкка ыңгайланышкан мылтыктан ок чыгарылган. Ок атуу тыныгуулары менен уланууда, мындай ок чыгаруулар тажик тараптан гана болуп жатканын белгилеп коюу керек.

Эки өлкөнүн чек ара аймагында болгон бул биринчи окуя эмес. Өткөн жылдын аяк ченинде да курал-жарак колдонулган жаңжал болгон, жыйынтыгында көптөгөн адамдар жаракат алышкан, айрым көз карандысыз ММКлардын маалыматы боюнча Тажикстандын 5 аскер кызматкери каза болгон. Бирок, коңшулаш мамлекеттин бийлиги эки адам каза болду деп билдирген.
Мурда деле жаңжалдар чыгып турчу, бирок ок атуучу куралдар чанда гана колдонулуучу. Мындай жаңжалдар көпчүлүк учурда тажик тараптын күнөөсү болуп келет. Алар алтургай минометту да колдонууга чейин барышты. Алар эки өлкөнүн ортосундакырдаалды курчутуу үчүн өздөрүнүн жарандарын пайдаланышууда. Муну алар эмне үчүн жасап жатышканы белгисиз. Бирок, факты бирөө – бул тажик тараптын атайын провокациясы, алар Кыргызстандан сырткы душмандын образын жаратуу аркылуу өздөрүнүн чек ара аймактарындагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнөн калктын көңүлүн башка жакка буруп кетүү болуп жатат.
Мунун баары социалдык түйүндөрдөгү тажик сегменттеринин обзорунан эле түшүнүктүү болгон. Анда эки мамлекеттин чек ара участкаларындагы талаш жерлер боюнча кырдаалды курчутууга багытталган түрдүү провокациялык материалдар толтура.

9нан 10-январга караган түндөгү окуя дагы мурдагыларындай эле пландаштырылган провокация болгону тажик сегменттериндеги материалдардан эле билинип турат. Соцтүйүндөрдөгү тажик сегменттеринде белгисиз катталуучулар (фейктер) тажик колдонуучулардын арасында кыргыз тарап эки өлкөнүн чек араларындагы жаңжалдын негизги демилгечиси деп көрсөткүлөрү келет. Анан дагы ошол эле соцтүйүндөрдө белгисиз авторлор «кыргыз тарап аскердик басымды колдонуу боюнча пландуу саясат жасап жатат, өздөрүнүн жарандарын чек ара аймактарында жаңжал чыгарууга пайдаланып жатат» деп тажик жана орус тилдеринде жазууда.
Бирок, провокаторлор тажикстандык ММКлардын провокациялык аракеттерге катышып жатканы тажик тараптын чыныгы ниетин толугу менен ачып жатканын эстерине албай жатышат. Мисалы, «Vorukh_news» интернет-сайты кыргыз тарапты чек арадагы жаңжалдарга айыптаган бир нече макалаларды жарыялады. Андагы макалалардын биринде 2019-жылдын 29-декабрында Исфара районунун Самониен аймагынын жашоочусу окко учту деп жазат. Ал аялдын эмнеден улам каза тапканы боюнча расмий маалымат тактала электе эле ушинтип элди козутууну көздөшкөн. Ал үй-бүлөлүк жаңжалдан улам ошондой каргашалуу окуя болгону кийин билинди.
Провокациялык аракеттерге Тажикстандын чиновниктери да аралашып жатканы өкүнүчтүү. Мисалы, эки өлкөнүн чек арасындагы куралдуу жаңжалга бир күн калганда, 29-декабрда Согди облусунун Исфара шаарынын маалымат катчысы өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жогоруда айтылган Тажикстандын жаранынын (аял) өлүмүнө кыргыз тарапты күнөөлөгөн пост жазды.

Айтор, мына ушул өңдүү провокациялык аракеттери менен тажик тарап чек ара жаңжалын курчутууну атайылап пландаштырып жатышкан сыяктуу болууда.