Өмүрбек Суваналиев «Азаттыкка» бир саат маек берип, журналисттердин Садыр Жапаров тууралуу узаткан суроолоруна жооп берип жатып, аны жерге-суга тийгизбей тим эле укмуштай мактады. Өзүн да укмуш кыйын жана таптаза көрсөтүүгө аракет кылды. 5-6 октябрдагы окуяларды Жапаровдор баатырдык кылганын, эч кандай мыйзам бузууларга барбаганын, бийликке келери менен Раиммиллион кустуруп, Камчы Көлбаевди камаганын баатырдык деп баалагандай болду. Калпыстык иштерди көп кетирип «Каттани» атынан эчак эле өчкөн Өмүкеӊ деле элдин пикири менен эч качан эсептешпей турганын билдирди. Себеби, ал Раиммилион менен Камчы Көлбаевдин камалышы эч кандай спектакль эмес деди. Карапайым эле эӊ сонун билип турган бул маселени Суваланиев билбей, ушинтип экрандан чыгып алып элдир-селдир жооп айтканы жалпы коомчулуктун кыжырын келтирип койгонсуду. Чыркыраган чындыкты айтканга духу жетепген адам түбү жыгратпасын эл да жакшы билет. Ал ошондой эле президенттик шайлоодо Мадумаров колдобой турганын, анын саясаттагы «соодалашуусу» бүткөнүн билдирди. Ал мындан ары Жапаровду жата калып колдой турганын баса белгилеп айтпаса да, ар бир сөзүнөн байкалып турду. Айтор бизде мансап үчүн мастанды деле шайтанды деле колдой берчүүлөрдүн заманды жүрүп жатат…
Чынында биздин генералдардын басымдуу көбүнүн генерал деген эле аты болбосо сөзүнө турбаган, арттары булганган шойкулар жана жойпулар десе болот…