Домой Коом Штаб: Чет жакта коронавирус 154 кыргыз жаранынан табылган, алардын бири каза болгон

Штаб: Чет жакта коронавирус 154 кыргыз жаранынан табылган, алардын бири каза болгон

50

Штабдын маалыматына караганда, илдетке чалдыккандардын бири Индияда каза болгон.

Коронавирус жуктуруп алгандардын көбү Орусияда – 105 адам.

Мындан тышкары Пакистанда 22, Бириккен Араб Эмирликтеринде жети (бешөө айыкты), Индияда жети (бирө каза болгон, алтоо айыккан), Казакстанда беш (алардын төртөө Бишкекте, бирөө Алматыда дарыланууда), Малайзияда үч (баары айыккан), АКШ, Испания, Өзбекстан, Грекия жана Италияда бирден адам.

Жалпысынан 22-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1350 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 949 бейтап айыгып кетти.

29-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекенине кайтууну пландап, бирок коронавирустун айынан чет мамлекеттерде калууга мажбур болгондорду сабырдуулукка чакырган.

12-майда онлайн брифингде тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 58 өлкөдө 8712 кыргызстандык жаран кыргыз өкмөтүнөн мекенине кайтууга жардам күтүп жатканын айткан. Андан бери алардын айрымдары Кыргызстанга жеткирилди.