Домой Маданият «Агындылардын» көркөм ажайып дүйнөсү (уландысы)

«Агындылардын» көркөм ажайып дүйнөсү (уландысы)

201

(Башы өткөн санда)

Замирбек ОморовМындан мурда адамзат адабиятында улуу художниктер тарабынан эне жөнүндө далай, далай классикалык портреттер, притчалар жаралган. Балага деген энелик улуу сезим жөнүндөгү кезектеги дагы бир ажайып көркөм картинаны Шайлообек жаратып таштаптыр. Мына ошентип, “Агындылардын” “Ормонун ташы” аттуу томуктай болгон главасы ичине тоодой мазмунду сыйдыргандыгы менен өзгөчөлөнүп, китептин баш жагында адегенде эле жарк этип көзгө урунат.

Айтмакчы, бул главасынын соңунда автор минтип сүйлөп турат: “Жыл сайын уулун күтүп жүрүп, жыл сайын баласына деп ыроологон кара козу кара кой болуп, анан анын козусу чоңоюп, ал байкуш да биз менен чогуу Ормо акемди күтүп, анын тукуму да карып, үзүлүп жок болуп, акыры энем өзү да о дүйнө кете берди” (18-бет).

Ш.Дүйшеев ушинтип, чоң энеси жөнүндөгү сөздү өзүнүн стилине таандык чукугандай  табылган көп маанилүү жана чын пейилдүү сүйлөмдөр аркылуу терең армандуу нота менен аяктайт. Ошол о дүйнөгө кеткен, азыр жалгыз небереси Шайлообектен башка эч ким эстебеген, бүгүн эч кимге белгисиз, а түгүл илип коёрго сүрөтү да жок ал маркум кара кемпир дагы кандай сапаттарга эгедер эле? Төмөнкү эпизод менен таанышпай өтүү мүмкүн эмес: “Ошондой күндөрдүн биринде биздин үйгө күүгүм талаш бейтааныш киши келип түштү.

— Кудайы конокмун байбиче. Жолум алыс. Атым чаалыгып калды, -деди.

Энем байкушум таш кемегесин оңдоп-түзөп, далайдан бери асылбай калган кол казанын асты. Көр-жердин арасынан эликтин терисинен жасалган жаман тулубун таап, ичинен талкандын арасына “көмүлгөн” койдун карынын алып чыкты. Карындын ичинде толтура эт бар экен.

-Конок-кара келип калабы деп узун сарыга сактап жүрдүк эле, кагылайын! Дегеле ырас болбодубу, пейилиңер түз экен,- деп жан-алы калбай кудуңдап, маңдайы жаркып кубанып, карынга каткан койдун жамбашы менен чүкөлүү жилигин, далысы менен омурткаларын сууга салды” (74-бет).

Караңызчы, бу не деген мораль, не деген  руханий ажайып көрүнүш. Жаман кепеде жашаган кедей кемпирдин биринчи көргөн бейтааныш кудайы конокко өзү жебей, узун сарыга  деп катып, сактап жүргөн  аялуу тамагын тартуулап, ак көрпө жайыл болуп жатканын карачы. Чынында эле, жолоочулап баратып, аттан салам айтып кирип келген чоочун кишини кудайы конок деп, ким экенине карабай сыйлап узаткан элибиздин илгертен келаткан улуу салты бар да. Дүйнө калктарында  сейрек кездешкен мындай айкөл менталитет ата-бабалар рухунун бийиктигин айгинелеп турган уникалдуу касиет. Мындай аруу  касиетти кенедейинен жан дүйнөсүнө сиңирип, боюнда көтөрүп жүрүп өткөн кечээки Канымгүлдөй апалардын арбагына кантип таазим этпей коёсуң.

Бүгүн биз ким болдук? Чоочун кудайы конок тургай, жаныбыздагы кошуна-колоңго айраныбызды, сүтүбүздү, кымызыбызды, наныбызды сатып, акчанын артынан тоголонуп, атанаркынан ажыроодобуз, кунарыбыз кетүүдө. Дегеле, бүгүнкү биздин майдаланган нраваларыбызга салыштырмалуу “Агындылардагы” Канымгүл кемпирдин турган турпаты алда канча бараандуу, көрөсөндүү жана залкар көрүнөт. “Кудай айланайын, а дегенде элге бер, андан кийин бизге бер” деп басса-турса Кудайга жалынганынан жазбаганы, а түгүл Сталин менен Ворошиловдун арбагына да, куран окуй жүргөнү, “а балакетиңди алайын балам, андай кылчу эмес, жыланды да кудай жараткан”, Кудай аны өлтүрсүн деп жараткан эмес” деп, жыланды да  аяганы, баланын көңүлү жабыркабасын, куса болуп ооруп калбасын деп, жөө-жалаңдап суу кечип, ой-кырлар менен жүрүп, 30-40 чакырым жерге өлгөн-талганда жетип, кичинекей Шайлообек  жетимди бөлөк бирөөгө турмушка чыгып кеткен Нурбүбү апасына учураштырып турганы, өзүнүн пайдасын ойлобой, небереси үчүн чарк көпөлөк айланганы, өп-чап турмушта жашаса да, тиги жок, бу жок деп, кейип-кепчибегени, азга  сабыр, барга  топук кылып, жер-суунун амандыгын, калктын жакшылыгын тилеп жашаганы Канымгүлдүн руханиятынын артыкчылыгын, асылдыгын, парасаттуулугун күбөлөп көрсөтүп турбайбы.

Жаакты таянып ойлонсок, көрсө, элибиздин илгертен бери келаткан нарктарын, кыргызды кыргыз кылып турган адеп-ахлак кенчтерин алып жүргөн, улут рухунун түпкү негиздерин сактап турган, турмуштун нагыз туткалары ушул  Канымгүл чоң энедей элеттик кемпирлер турбайбы. Бүгүн жерибиздин тузу болгон ушундай  байбичелер, карыялар арабызда калбай баратат. Кеңири айтканда Канымгүл эненин адеп-ахлагы — бул кыргыздардын көчмөн цивилизациясы жараткан, улут кыртышы төрөгөн жан дүйнө маданиятынын өзүнчө бир символу. Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” китебиндеги сиңирген эмгеги, эч кимге эч нерсени милдет кылбай, эч кимден байлык да, сыйлык да сурабай, эч кимге эч кандай доосу да жок, жөн гана пенделик жашоонун улуу түйшүгүнө өзүн курман чалып, бу дүйнөдөн өтүп кеткен кыргыздын бир аялынын улуу руханиятын калыбына келтирип, анын адамдык-асыл бейнесин көркөм сөздүн күчү аркылуу скульптуралык көрөсөндүүлүк менен түзүп, муундарга мурас кылып берип отургандыгында. “Мен энеме эл катары эстелик коё алган эмесмин. Бирок “Агындылар” аркылуу эстелик койдум деп ойлойм” деп автор өзү да ыраазы болуп турбайбы (“Де-Факто” газетасы, 25.04.2014). Шайлообек Дүйшеев чоң энеси Канымгүлдүн караанын сагынычтуу тиктеп туруп, моминтип ырдаса туура болот го деп ойлоп, төмөнкү саптарды токудук:

 

Эгер болсо менде учкуну

ыймандын,

Жаңырыгы сенин асыл

жаныңдын.

Өзүңөргө жанаша өскөн

жылдардан,

Өсүп чыккан менин рух

тамырым…

 

4.“Кармалап көрсө боло тургандай” тирүү элестер

Ш.Дүйшеев “Агындыларында” чоң энесинин образынан башка да бир нечелеген айыл адамдарынын кадимкидей “тирүү” элестерин жараткан десек жаңылышпайбыз. Китептеги бөкчөйгөн айылдык кара кемпирлер, Жума таяке, Керим аке, Үсөк аке, Бейшебай аке, Талип аке, Касым аке, Аяткан таяне, Болатакун жезде, Касым жезде, Кудек аке, Токсаба, Салый сыяктуу персонаждардын портреттери менен кездешкенде, окурман бедизчинин мастерскоюндагы скульптураларды аралап жүргөндөй болот. Аты аталган персонаждар, жанагинтип Максим Горький айткандай, “кармалап көрсө” боло тургандай  болуп сомдолгон кейипкерлер. Эми ушундай  көркөм көрөсөндүүлүккө жана дааналыкка Ш.Дүйшеев кантип жетишип жатат? Автор образ курууда көп сөздүүлүктөн жаа бою качып турат. Ал дагы айталы, бөдөнөнүн бөтөгөсүн жара аткан мергенчи сыяктанып, мээлеген бутанын дал толтосуна тие турган каражаттарды издейт да, бир-эки сүртүм боёк менен эле, бир-эки мүнөздүү деталь, штрих же кыска жана нуска, ташка тамга баскандай таамай сүрөттөөлөр менен бейнени кашкайта тартып таштайт. Кээде Ш.Дүйшеев реализмдин чебериндей болуп, өзү ары көмүскөгө көрүнбөй жашынып калат да, персонажды гана сахнага чыгарып, тилин сайратып сүйлөтүп коёт. Же анын монологун, диалогун алдыга тартат. Кейипкер өз речи, диалогу менен өзүнүн кебетесин, психологиясын өзү ачып берет (маселен, көртурмуштун айынан невротикалык ооруга чалдыгып, дайыма истерикага түшүп турган Салый зайыптын речин, же болбосо Болотакун жезденин сүйлөгөнүн, же чоң эне менен неберенин “чаар ичеги” жөнүндөгү диалогун, Турусбүбүнүн телевизор көргөндөгү кебин караңыз). Ушул жерден айта кетиш керек, дегеле, Ш.Дүйшеев “Агындыларында” айыл адамдарын речтик жактан мүнөздөөнүн чоң чебери катары өзүн көрсөтө алган. Көпчүлүк учурда бир абзац сүйлөмдө эле же бир жарым беттик же бир барак аянтта эле кишинин  баскан-турганын, кылган кылыгын, жоругун, иштеп жаткан ишин, кыбыр эткен кыймылын, ойноп жаткан оюнун талуу жеринен чапчып, “өлөөр жеринен” кыпчуур менен кармагандай кармап, шар аккан  суунун көбөөтүнөн балыкты уучтап чыккандай,  персонажды “туйлатып”, көрүнөөгө  алып чыгып, анын ким экенин дапдайын кылып көрсөтүп коёт. Натыйжада, үгүт-насыяты жок эле, жакшы киши ким экени, жаман киши ким экени, бузулган пенде кандай болорлугу, кимди туураш керек экендиги, кимди туурабаш керек экендиги, кимдин комедиясы же трагедиясы эмнеде экендиги  өзүнөн өзү-ачык болуп чыга келет. Автордун  бул өңдүү чеберчилигин Табылды Эгембердиев окурман катары “адамдардын кулк-мүнөзүн, кыял-жоругун, кебете-кепширин, жакшы-жаманын, баарын бир шилтем сүйлөм менен ашык-кеми жок сүрөттөп салганы эсиңди гана оодарып, бир кумардан чыгарат” деп эң туура байкаган. Болгон окуяны баарын баяндап отурбай, шак эле анын төбөсүндөгү “көкүлүнөн” алат. Ошол “көкүлдөн” алып, көтөрүп чапкан образ-сүрөттөр “Агындыларды” башынан аягына чейин ширеп калган. Ш.Дүйшеевдин калеми бир эле чийип кетти эле, китептин 99-бетинде аялынын какшап айткан калыс кебине камчысынын күчүн каршы койгон, турушу менен патриархал-көчмөн эркектин, өзүнө өзү сын көз менен кароо маданияты өнүкпөй, ичи тоң бойдон калган элеттик эргулдун кебетеси “чырк” эттирип бир ирмемде фотоаппаратка алынган сүрөттөй, көз алдыбызда туруп калды. Дагы бир алакандын отундай эпизодду алчысынан түшүрүп, “өкчөм” койду эле, бет алдыбызда элементардык этика дегенди билбеген, оргу-баргы Турсун аттуу элеттик “Дерзу Узаланын” эстен чыккыс элеси пайда болду да калды (20-бет). Дагы бир жолу калемгерибиздин чеберчилигин четинен чертип көрүп өтөлүчү. Бир эле мисал окуйлу: “Таякем Жумамамбет жайлоого көчкөндө таянем Аяткандын буйругу менен мени атка таңып туруп, жылкыларга кошуп айдап жиберип, түш оой конор конушу, жайлаар жайлоосуна жетип, шашпай боз үйүн тигип, “жыт чыгарып коёлу” деп куймак куюп, “аластап коёлу” деп арча түтөтүп, “эми кымыз ичели” деп шашпай жайланып олтуруп кымыз ичип, анан бир маалда, “а кокуй, бала бар эмес беле!” деп бирөөсүнүн эсине түшө калып, анан жылкылардын арасында оттоп жүргөн атты издеп, анан атка таңылган мени чечип алышпайт бекен” (“Агындылар” 35-бет).

Мына ушинтип, автор Аяткан таянесинин мүнөзүнүн, жан болумушунун катуулугун, жээн балага пейли ийибеген муздактыгын кымындай  жетим чүрпөгө жасаган ушул мамилеси аркылуу эле ачып койгон. Бул мисалдан кийин калемгер Аяткандын аял катары катуулугу жөнүндө ар түркүн автордук аныктамаларын чыгарып отурбайт. Жөн гана бул окуяга карата чоң энеси Канымгүлдүн жасаган реакциясын минтип астыртан жылдырып берип коёт: “Аяткан куруп кетсин! Баарынан да ошол жоругун ойлогондо азыр да азат боюм дүркүрөп кетет. Ботом, ат оонап кетип өлсө эмне болот дебейби? Деги дени-карды соо киши ошентеби? — деп эле байкуш энем эстеген сайын күйүп кетер эле” (“Агындылар” 34-бет).

Чоң эненин күйүп-бышып айткан бул эмоциялуу сөздөрүнөн Аяткандын жүзү, кимдиги, ага берилген баа өзүнөн өзү дайын болуп жатат го. Образ ачуудагы автордун мындай кылдаттыгына кол  койбой коё албайбыз. Иштин ток этер жерин гана сүрөттөгөн кыскалык “Агындыларда” өрнөк кыларлыктай даражага көтөрүлгөнүнө күбө болуп отурабыз. Кыргыз адабияты буга чейин дал ушундай Дүйшеевдикиндей кыскалык сапатка, кыска болгондо да боёктуу, образдуу шөкөттөлүшкө чукак болуп келбеди беле.

(Уландысы бар)

Советбек БАЙГАЗИЕВ,
филология илимдеринин доктору