Домой Саясат Бабановдун кезектеги чагымы “Медиа-Форумдун” алдында болобу?

Бабановдун кезектеги чагымы “Медиа-Форумдун” алдында болобу?

45

best way to use cialis. Babanov-shtab-press-konferentsiya-4

10-октябрдан тарта Казакстан ЕврАзЭСтин талаптарын бузуу менен чек арасын бир тараптуу жаап салды. Муну менен карапайым кыргыз менен казак эли, ишкерлер жабыр тартып, миллиондогон чыгымга учурап жатат. Ал эмес казак чек арачыларынын айынан 70 жаштагы Казакстандын жараны кайтыш болду.

Чек арадагы кырдаалга, эки бир тууган элдин мамилесинин начарлашына президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун түздөн-түз күнөөсү бар. Бул кашайган чындык. Эгер Бабанов казак ажосуна чөгөлөп барбаганда, казак олигархтарынан миллиондорду алып, аларды биздин ички ишибизге аралаштырбаганда мындай көрүнүш болмок эмес.

Бийлик дегенде баарына даяр турганын далилдеген Бабанов мындай кыянаттыгы менен токтоп калбай, чек арадан өтө албай турган жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын митингге үндөп жатыптыр. Социалдык түйүндѳргѳ тараган маалыматка караганда, учурда Бабановдун пиарчылары, жалданган адамдары, НТСтин журналисттери ошол жакта шоопурларды тукуруу менен алек. Алар түз эле айдоочуларды президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы жайгашкан “Меди-Форум” имаратына  үндөп, ошол жерде митинг уюштуруп, азыркы бийликтен компенсация талап кылууга үндөп жатыптыр.

Бабанов муну менен кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга түздөн-түз аралашканын далилдеп жаткан жокпу? Эгер элге күйсө үгүт маалында шайлоочуларды нааразы кылып башка өлкөнүн президентине чөгөлөп барат беле? Бул боюнча Бабанов татыктуу жазасын алышы зарыл. Ал эми чек арада зыян тарткан ишкерлердин чыгымын бийлик эмес, Бабанов төлөп бериши керек.