Домой Коом Шайлоо-2020: Жогорку сот БШК менен «Кыргызстан» партиясынын ишин карап жатат

Шайлоо-2020: Жогорку сот БШК менен «Кыргызстан» партиясынын ишин карап жатат

242

Жараянда БШКнын өкүлү «Кыргызстан» партиясы шайлоого катышуу үчүн документтерди жана талапкерлердин тизмесин тапшырууда мыйзам бузганын айтты. «2020-жылдын 24-августунда белгисиз эркек киши талапкерлердин тизмесин катташ үчүн БШКга документтерди алып келген. Ал партиянын БШКдагы өкүлү эмес экени белгилүү болду. «Партиянын өкүлү каякта?» деген суроого ал «өкүл келерин» айтып БШКдан чыгып кеткен», — деди Боршайкомдун өкүлү.

Жогорку соттун алдында «Кыргызстан» саясий партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылган жарандык активисттер менен шайлоого бараткан айрым партиялардын мүчөлөрү нааразылык акция өткөрүп жатышат. Алар бийлик шайлоодо бардык саясий партияларга бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек экенин айтып жатышат. Нааразылар шайлоонун үгүт иштери баштала электе эле айрым жерлерде акча таратыла баштаганын, ага Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) чара көрбөй жатканын сынга алышууда.