Садыр Жапаров өзүнүн үгүт иштерин Таластагы Манас атанын ордосунан баштаса, Абдил Сегизбаев Чүйдөгү Ата-Бейиттен баштады. Баштаганда да катуу билдирүүлөр менен чыгып, коомчулуктун назарын өзүнө буруп, бир топ саясый упай топтоого жетишип жатат. Себеби, ал УКМКны 2 жыл жетектеп, Кыргызстанждын баардык атка минерлеринин ак, кара иштерин терең билет. Алардын элге чыкпай, көшөгө артында жабылуу бойдон калган «секреттери» да Сегизбаевге беш манжадай белгилүү. Азыркы бийлик Абдил мырзанын жанындагы айрым колдоочуларынын изине тузак салып жатканы менен өзүнө тузак сала албасын коомчулук түшүнүп турат. Шайлоо да болот, шайлоонун эртеси да болот демекчи, сөз кылып жаткан талапкерибиз такка жетепей калган күндө да, бийликке салмактуу оппозиция болуп калышы толук мүмкүн болуп турат. А, балким бак айтып койсо баары башкача болуп кетээр…
Буга анын даремети толук жете турганын өзүнүн чечкиндүү кадамдары менен далилдеп жатат. Айтор, эртең эле баары билинет…