Домой Саясат Сапар Исаковдун баракчасын уурдагандар ким?

Сапар Исаковдун баракчасын уурдагандар ким?

41

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун Фейсбуктагы расмий баракчасы уурдалды. Бул туурасында анын тарапташтары билдиришти.

«Биз иштетип жаткан ФБ баракча атайылап уурдалды. Бул максатта лаптопту уурдап кетип, кайра ордуна таштап коюшту. Администраторлук бардык маалыматтар белгисиз адамдардын колуна түштү. Ал баракча эми УУРУларга тиешелүү!», — деп айтылат маалыматта.

Эми Сапар Исаковдун командасы иштетип баштаган жаңы баракчага бул шилтеме аркылуу кирсе болот.

Эскерте кетсек, Сапар Исаков 2018-жылдын июнь айынан бери Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция иштерине шектелип, УКМКнын Тергөө абагында отурат.