Бүгүн, 3-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча ачык соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков дээрлик 2 саатка жакын убакыт сүйлөдү. Ал сөз сүйлөп жатып көзүнө жаш алды.
Исаков кылмыш иштин бардык жагдайларына токтолуп, модернизациялоо иштери кандай башталганы, долбоор эмне үчүн, ким тарабынан талап кылынганы тууралуу айтты. Акыр аягы өзү айыпталып калары жети уктаса түшүнө да кирбегенин белгилеп кетти. Сапар Исаков бул иште кылмыштын курамы жоктугун айтып эч болбосо өзүн камап, ал эми айланасындагыларды бошотууну суранды.
“Бул иште кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу мени жана бардык айыпталуучуларды актоону өтүнөм. Эч болбосо мени камап, калгандардын баарын чыгаргыла. Анткени, силердин максатыңар мен. Мени түрмөгө отургузуу үчүн калгандарын да кармадыңар. Мындан сырткары, унааны калтырууну суранам, анткени менде төрт кызым бар. Келинчегим унаа менен кыздарды бакчага, мектепке жеткирет. Унаа болбосо үй-бүлөөм кыйналат”, — деди Сапар Исаков. Буларды айтып жатып ал көзүнө жаш алды.
Ошондой эле ал мамлекеттик кызыкчылыкты коргоп калганы үчүн ага “Манас” ордени берилгенин кошумчалады.
“Бул орден мамлекеттик кызыкчылыкты коргоп калганым үчүн берилген. Мен мамлекеттик сырды алып жүрүүчү катары ал орденди кандай эмгегим үчүн алганымды айта албайм. Бирок бул көрүнүктүү салым болгон. Мени президентке кошоматчылык кылган деп айыптап, аябай ыза кылды. ЖЭБ боюнча жасалган экспертиза абсолюттук түрдө одоно түзүлгөн. Анда суроолор абдан көп. Мен кызматта турганда кадрлар боюнча дагы, өнүгүү программалары жана башка жагдайлар боюнча дагы көз карандысыз саясат жүргүзгөм. Аны баары билет-деди мурдагы өкмөт башчы.
Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБ боюнча сот ишинде мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, энерго сектордун топ-менеджерлери салайдин Авазов жана Айбек Калиев айыпталып, УКМКнын тергөө абагында камалууда. Ошол кездеги финансы министри Ольга Лаврова үй камагында.
Аты айтылгандардын баарына кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана коррупция беренеси боюнча айып тагылууда. Ал эми мамлекеттик айыптоочу Сапар Исаковдун үй-мүлкүн конфискациялап, өзүн 15 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат.
Булак: Мезгил ньюс