Сотто тарапташтардын талкуусу болот.
Адвокат Нурбек Токтакунов белгилегендей, жактоочу мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун күнөөсүн тастыктаган бардык документтерди карап чыккан, бирок аларга эч кандай себеп таба алган эмес.
Адвокат, «Урматтуу сот, Сапар Исаков кылмыштуу топтун курамында жок болгондуктан жактоочу тарап актоо чечимин чыгарууңузду суранат», — деп сотко кайрылды.
Ал мурдагы премьер-министрдин Мира Карыбаевага билдирген ыраазычылык сөзү менен бирге: «Мира Аскеровна, сиз бул окуяга кабылып калганыңызга абдан өкүнөм. Бирок сиз чыккынчылык кылган эмессиз. Мейли мени соттогула, бирок Мира Карыбаеваны актоону суранам», — деди адвокат.
Буга чейин мурдагы премьер-министр тарапташтардын талкуусуна катышуудан баш тарткан.
Буга чейин прокурор Сапар Исаковду Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «319-Коррупция» беренеси боюнча мүлкүн конфискациялоо менен бирге 20 жыл эркинен ажыратууну, ошондой эле мамлекетке 247 миллион сомдон ашык зыян келтиргендиги үчүн төлөөнү суранган. Ошондой эле Мира Карыбаеваны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «320-Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышын, жана ага кошумча 260 миң сом төлөөсүн өтүндү.
Эске салсак, 2018-жылдын июлунда Башкы прокуратура Мамлекеттик тарых музейинин имаратын реконструкциялоо жана жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекетке келтирилген зыян 307 миллион 650 миң сомду түзгөн.
Булак: 24.KG