Салайдин Айдаров деген депутат бар экенин билесиңерби? Билбесеңер керек. Элден жаа бою качкан неме, кандай жолун таппасын Жогорку Кеңешке кирип алып олтурат. “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Салайдин Айдаров 2015-жылы мандат алып келген. 4 жылдан бери төрт маселе көтөргөнгө жараган жок. Олтурат депутат деген макамына маашырланып, күн өткөрүп, ЖКга кирип-чыкканына кубанып. Кезинде бул эргул Бакиевдин акчаларын адалдап тургандардын бири деген кеп бар эл арасында. Анткени, Бакиев бийлиги өзгөчө эсирип турган учурда, тагыраагы 2009-жылдын 2-апрелинде, ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен КРнын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалып, 2010-жылы 17-августта ал кызматынан бошотулган. А бүгүн Айдаров деген «вирус» мурунку «маскасын» чечип, башкасын кийип билмексен болуп олтурат. Жөн олтурбай, кийинки жылы кайсы партияга кире калсам деп, төлгө ташын тартып олтурат.
Булак: “Де-Факто”