Домой Коом Мыкты уулду эли унутпайт

Мыкты уулду эли унутпайт

447

Бүгүн кыргыз элинин жүрөгүндө бекем сакталып калган Медет Чоканович Садыркуловдун туулган күнү. Эгерде ал көзү тирүү болгондо жаркылдап төрдө отурмак да, саябандуу баарлашуу жасап бермек. Тилекке каршы канкор бийликтин тушунда мыкаачылык менен өлтүрүлүп, келечектеги ойлогон орошон ойлоруна жеткирбей коюшту.

Антсе да миңдеген мекендештери, жакын санаалаштары, үй-бүлөөсү анын өрнөктүү өмүрүн унутпай узун сабак эскерүү менен алек болгон убагы. Көрсө элдин көкүрөгүнөн түнөк тапкан мыкты инсандар арабызда болбосо да эскериле беришет экен. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып,биз да Медет агабыздын жакындарына мындан ары жакшылыктарды тилейбиз. Калкына кызматын аябаган улуу адамдардын ысымы эч убакта эсибизден чыкпайт.