Домой Тагдыр Садыр Жапаровдун уулу кырсыктаган мотоциклде 20 жаштагы кыз учкашып бараткан

Садыр Жапаровдун уулу кырсыктаган мотоциклде 20 жаштагы кыз учкашып бараткан

2999

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалыматына караганда, жол кырсыгы 22-август күнү кечки саат 22:45 чамаларында, Көк-Жар конушунда болгон. Дастан Садыр уулу айдап баратып кырсыктаган мотоциклде 20 жаштагы кыз да учкашып бараткан. Ал кыз азыр ооруканада жатат.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат. Баштапкы маалымат боюнча С.Э. аттуу жаран айдап бараткан автоунаа мотоциклди сүзгөн.

26-августта камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан жол кырсыгынан алган оор жаракатынан улам эсине келбей жатып каза болду. Ага чейин ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө оор абалда комада жаткан.

Садыр Жапаровду ЖАМК уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берди.

27 жаштагы Дастан Садыр уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында 28-август күнү, саат 11:00дө өтөт.