Кечээ күнү Садыр Жапаров журналисттер журтчулугуна айрым маанилүү маселелерди айтты. Алар:
-Жаңы сунушталып жаткан Конституциянын долбоорунда 35 депутат бир мандаттуу округдан, 50сү партиялык система менен Жогорку Кеңешке келе алат. Жалпысынан 90го жакын депутат болот;
-Тышкы карыз үчүн Нарындагы Жетим-Тоонун бир куму да башкаларга берилбейт, өзүбүз иштетебиз”,
-Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарып коёт элем, бирок эртең сөз кыласыңар… Ушул жерден айта кетчү маселе, Жапаров РАИММИЛОНду бир эле сөзү менен каматпай, үй камагына чыгарып койду…
-Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКнын курамына киргизүү эч кимге зыянын тийгизбейт. Чек арачылардын айлыгы көбөйөт. Ал үчүн зарыл болгон 2-2,5 миллиард сомду алчу булак табылган.
— Биздин иштегенибизге жарым айдай эле болду. Эгер чынын айтсак, Бакиевдер эле күнөөлүү эмес. Алар чыгарып кеткен 300 миллион доллар боюнча ишти карап жатабыз.
-Бюджеттен сырткары каражаттан насыя алып, төлөй албай калгандардын карызын жабуу үчүн 1,2 млрд. сом бөлүнөт.
-Экономикалык мунапыс боюнча мыйзам азыр Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп жатат. Толук кандуу үч окуудан өтүп келсе, кол коюп анан кетем
-Эгерде президенттик шайлоодо жеңилип калсам, анда тарапташтарым митингге чыкпайт…