Рыскелди Момбеков: “Али Токтакунов 19-июнда Бишкектен Прагага учуп жатпайбы” – деди депутат.
Сагынбек Самидин уулу: “Аны тастыкташ керек. Али Токтакуновдун өзүнөн сурайлы десек, келбей жатат.
Рыскелди Момбеков: “Эмне үчүн комиссиянын отурумуна чакырган жоксуңар?
Сагынбек Самидин уулу: Комиссияга чакырылса керек, бирок келген жок. Ал Прагада жүрбөйбү. Биз кат аркылуу, кабарлама аркылуу чакырганга аракет кылдык. Бирок, бизге жооп келген жок.
Рыскелди Момбеков: А комиссияга эмнеге чакырган жоксуңар?
Талант Мамытов: Биз чакыруу бергенбиз, чакыруунун ордуна “Азаттыктын” жетекчиси Айзада Касмалиева келген. Али Токтакунов өзү Прага шаарында болгондуктан, келе албайт деген жообун айткан.
Рыскелди Момбеков: Эркин Сопоков ким катары катышып жатат? Күбөбү же кылмышка шектүүбү?
Сагынбек Самидин уулу: Эркин Сопоков биздин 700 млн долларды легалдаштыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш иш боюнча күбө катары өтүп жатат. Андан тышкары, ал Саймаитиге дипломатиялык номер тагылган унааны мыйзамсыз бергендиги жана каражаттарды туура эмес колдонгондугу боюнча иште шектүү катары өтөт.
Рыскелди Момбеков: Саймаити айдап жүргөн машина 2013-жылдын 4-декабрда Санкт-Петербург шаарынан уурдалып кетиптир. А Канат Хасанов ал машина меники болчу, аны “сатып бер” деп Эркин Сопоковго бергем деп айтып жатпайбы. Муну тергөөдө сурадыңарбы?
Сагынбек Самидин уулу: Албетте, баарын сурадык.
Рыскелди Момбеков: Ал машина 3 мамлекеттин чек арасында кантип каттап жүрөт?
Сагынбек Самидин уулу: Аны экспертиза гана далилдей алат. Өткөндө текшербесе керек. Ал фактылар боюнча дагы деле изилдөөлөр жүрүп жатат. Унаага экспертиза жүргүзө албадык, себеби ал Түркияда унаа токтотуучу жайда турат. Аны Кыргызстанга алып келүүгө каражат жок болду. Бул тараптан Интерполго билдирүү бергенде, ал жактан унаа уурдалган деген жооптор келди.
Рыскелди Момбеков: Кылмышка шектүү Саймаити Интерпол аркылуу издөөдө, машина Интерпол аркылуу издөөдө, анан Кыргызстандын бир министрлиги издеп жатат, а бир министрлиги жашырып жатат. Бул кандай? ИИМ издеп жатат, а Саймаити Кыргызстандын бийлигине тиешелүү машина менен Түркияда жүрөт. Туурабы?
Сагынбек Самидин уулу: Туура. Ошондуктан Эркин Сопоковго кызмат абалын кыянаттык пайдаланды деп айыбын угузбадыкпы. Азыркы күндө кылмыш иши сот карамагына өттү.
Рыскелди Момбеков: Укмуштар жазылыптыр. Кино тартса болот. Токтом долбоорунда жазылып жүрөт, 6 549 242 сом өлчөмүндө салыкты өндүрүп, республикалык бюджетке чегерүү боюнча толук жетиштүү чараларды көрсүн дейт. Кантип аракет кыласыңар? Саймаитини тирилтесиңерби?
Сагынбек Самидин уулу: Өндүрүү маселеси турат. Ал киши өлүп калды, мыйзам боюнча кылмыш иши өлгөндүгүнө байланыштуу деп кыскартылышы керек.
Рыскелди Момбеков: Анда токтомго киргизүү кажети эмнеде? 6 млрд деген оңой акча эмес да.
Сагынбек Самидин уулу: 6 млдр тастыкталган эмес сумма. Ал боюнча соттук териштирүүлөр да жүрүп жатат.
Рыскелди Момбеков: Токтом долбоорунда “Күбө катары суралган жарандар Тилебаевдин, Сопоковдун көрсөтмөлөрүндөгү фактылар, анын катарында “Азаттыктын” журналисти Али Токтакуновдун Саймаитиден акча каражатын алганы тууралуу көрсөтмө боюнча укуктук баа берилсин” дейт. Кантип эле Сопоков күбө болуп, Токтакунов кылмышка шектүү болуп калат?
Талант Мамытов: Биз ал жерде шектүү деп эч кимди атаган эмеспиз. Ал жерде көрсөтмөлөрдүн негизинде текшерилсин жана анын жыйынтыгында укуктук баа берилсин дегенбиз. Ал текшерүүлөр тергөөнүн жыйынтыгы менен аныкталат. Ага чейин ким күнөөлүү экенин айта албайбыз.
Булак: KyrgyzToday.kg