Канкор президенттин уулу Максим Бакиевдин кан досу Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып, бул кылмышы үчүн соттолуп жаткан Аида Салянованын соту 20-сентябрда уланды. Мамлекеттик айыптоочу Салянованы бул кылыгы үчүн 8 жылга кесүүнү сурап жатат. Сот жакынкы аралыкта өз чечимин чыгарганы да турат.
Дал ушул сот отурумуна акыркы кездери өз ордун билбей, ар кайсы жакта ойсоңдоп жүргөн Роза Отунбаева катышып, Салянованын таламын талашкандай түр көрсөттү. Бирок, Роза апчебиздин бул аракети эки жүздүүлүк. Анткени, 2010-жылы 7-апрелден кийин Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн тапшырмасы менен А.Елисеевге 3 мамлекеттик орган кылмыш ишин козгоп, эл аралык издөөгө алынган. Мына ошол учурда Салянова Убактылуу өкмөттүн бетине “түкүрүү” менен ушул ишке барган. Эми Отунбаеванын бул кылыгы өзүнө эч качан абийир алып келбейт. Экс-президент деп макам берип, жетиштүү пенсиясын чегерип бергенден кийин ордун билип эле жүрсө болмок. Ар кайсы сот иштерине башын тыга бергенден абийири гана кетет.