— Өмүрбек Текебаев 48 саатка камакка алынып, анын тарапташтары митингге чыкты. Сиздер алардын арасында жоксуздарбы?
— Текебаевди эч качан бошотпош керек. Аны жоопко тартуу зарыл. Учурда биз Апрель баатырларынан турган “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси менен “Мекен Шейиттери” уюмунун балдары чогулуп жатабыз. Биз да митингге чыгабыз. Текебаев революцияны жаманатты кылып мародерчулукка жол бергени үчүн жооп беришин талап кылабыз. Ал саясатчы эмес, Текебаев мародерчулук менен революцияны булгаган адам. Мындай саясатчылар турганда Кыргызстан эч качан өнүкпөйт.
2010-жылы Текебаев эмне кылып койду? Керек болсо ал эл алдына да чыккан эмес. Эл өзү чыгып Бакиевдерди кууп чукту. Анын салымы деле жок. Аны 2010-жылы УКМКнын имаратынан чыгарып баратканда мени атып салат деп ыйлаган, аянтка баруудан коркуп барбай койгон. Биздин балдар аянтта окко учуп жатса ал мародерчулук кылып жүрдү. Андыктан анын Апрель революциясына жамынганга моралдык укугу жок.
— Р.Отунбаева да митингге чыгып Текебаевди колдоп жатпайбы. Анын кадамына кандай баа бересиз?
— Отунбаеванын ошол жерге барганына абдан өкүнүп турам. Биз Апрель баатырлары Текебаев эле эмес башка Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жоопко тартылышын талап кылабыз. 6 жылда булар биздин эстеп да койгон жок. Текебаев, Отунбаева баш болуп. Кыскасы биз Текебаевдин камалышын талап кылабыз. Мындай мародерлорду отургузуш керек. Бул саясатчы эмес, алдамчы, аферист.