Учурда издегени жалаң жамандык, ызы-чуу, интриганы эле тилеген “Искра” деген гезиттин журналисти Адилет Айтикеев Белорусияга барып канкор, кыргыз элинин душманы Жаныш Бакиевге жолугуп, андан маек алып келип, “бомба” жарам деп, анысын бир топ күн жар салганын көпчүлүк билет. Бирок, гезитке Жаныштын жалаң актанган жалган кептерин жалаяктай кылып, чубалжыткандан башка кызык кеп жок. Айтылган бомбасы иш жүзүндө “петарда” да болбой калды. Маселен, “Искранын” кечээки санында Жаныш Бакиев “Токон Мамытов убагында Акаевди сатып, 2004-жылы оппозициянын штабына маалымат ташып жүргөн”, — деп айтыптыр. Токон мырза, бул кепке төмөндөгүдөй жооп узатты: “Жаныштын мээси такыр эле айланып калган го. Мээси айланган, мээси кургак учук болуп калган адамга көп теңелбейм, бирок эл чындыкты билиши керек. Мени ушинтип Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотоновдор күнөөлөсө бир жөн эле. Андыктан, Жаныштын бул айткандары суу кечпейт. Тескерисинче, Бакиевдер бийликке келишкенде, Акаев менен иштешкен деп бир нече жылдан бери жамандап жүрүшпөйбү. Өзү баңгизат менен алектенчү эле, ал боюнча Мелис Турганбаевди күнөөлөгөнү такыр логикага жатпайт. Жаныш Акаевдин учурунда Жалал-Абадда митинг уюштурган. Кызматта туруп, өзү бийлик тууралуу маалыматтарды сатчу да. Анын ичинде өзүнүн агаларын да саткан. Кыскасы, Жалал-Абаддын чекисттерин абдан тажаткан. Киши өлтүргөн, наркобизнесмен, карамүртөз неменин сөздөрүнүн бири да чындыкка жатпайт”. Туура, Мамытовдун бул айткандары чынында эле негиздүү.