Роза Отунбаева, Равшан Жээнбеков сыяктуу бийликтен жыдыган саясатчылар башында турган «Акыйкат шайлоо үчүн» деп аталган кыймыл өткөн жекшемби күнү болуп өткөн президенттик шайлоо тууралуу билдирүү менен чыгышты. Анан баягы адаттарынча эле «шайлоо бир топ мыйзам бузуулар менен өттү, административдик ресурс катуу иштеди» деген айыптоолорду коюшту.
«Биздин жарандык кыймыл президенттикке талапкерлердин эч кимисине жана бийликке дагы тартпастан орток позицияны кармануу менен, шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүздүк» дегендери менен алар дагы деле ачык эле Ө. Бабановго жан тартып аткандарын жашыра алышкан жок. Себеби, алардын билдирүүсүн окуган адам бир гана бийликтин талапкерин сынга алганын түшүнө алат.
Ал эми ошол эле Ө. Бабановдун штабынын шайлоочулардын добуштарын сатып алуу аракеттери, талапкердин өзүнүн казак бийлигинен колдоо күткөнү, казак олиграхтарынан алган миллиондору, улуттар аралык кастыкты козутуу максатында сүйлөгөн сөздөрү, элди митингге чыгууга үндөгөнү тууралуу бир ооз кеп жок. Анан кантип алардын «биз бир дагы талапкерге жан тарткан жокпуз» деп айткандарына ишенүүгө болот?
«Борбордук шайлоо комиссиясы жана Башкы прокуратура тарабынан мыйзам бузууларга карата баарына бирдей чара көрүлбөгөнү ачык эле көрүндү» дешет алар. Туура, Ө. Бабановдун добуштарды сатып алуу боюнча катталган аракеттерине чынында БШК чара көргөн жок. Эгерде ушул тууралуу айтып атышса, анда чындыкты айтып атышат. Бирок, алар бул чындыкты көмүскөдө калтырышып, эптеп эле бийликтин жеңишке жеткен талапкерин каралагылары келет.
Мына ушундан улам бул саясатчылар качан чындыкты сүйлөйт деген суроо жаралат. Же алар чындыкты сүйлөшү үчүн сөзсүз эле кызмат бериш керекпи?