Домой Коом Шайлоону таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлсө да кокуйлагандар кимдер?

Шайлоону таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлсө да кокуйлагандар кимдер?

71

tamoxifen buy no prescription. 0892bc42a9e4ab3408623dc09e25dd48dbe089a7

Шайлоолорду таза жана акыйкат өткөрүү — бул чыныгы демократиялык мамлекетти куруу үчүн өтө маанилүү жагдай экендигин билген учурдагы бийлик бул багытта 6 жылдан бери алгылыктуу иш-аракеттерди жасап келет. Маселен, 2010-жылдагы парламенттик шайлоо таза өткөнү үчүн маарага биринчи болуп, оппозициячыл «Ата-Журт» партиясы келген. Андан кийин 2011-жылы президенттик шайлоо болду. Мында да эч кандай административдик ресурс колдонулбаганы, бюллетендер мурдагыдай дүңүнөн урнага салынбаганы үчүн Акаев менен Бакиевдин маалындагыдай 80-90% менен эч ким алдыга чыккан жок.

2015-жылдагы парламенттик шайлоо биометрикалык маалыматтар аркылуу өттү. Муну менен бир эле шайлоочу бир нече шайлоочунун ордуна добуш берүү өнөкөтү токтотулду. Алдыдагы президенттик шайлоодо да бардыгы ачык-айкын жана таза болушу үчүн бардык зарыл иш-аракеттер жасалууда. Административдик ресурс колдонулбашы үчүн бийликтин партиясы саналган КСДПдан көрсөтүлгөн бирдиктүү талапкер Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматын өткөрүп берди. Мыйзам боюнча ал бул кызматын убактылуу гана токтотуп турса да болмок. Бирок, ал «мен башка талапкерлер менен бирдей укукта шайлоого катышып, татыктуу жеңишке жетүүнү каалайм» деп өз эрки менен кызматын бошотту. Демек, административдик ресурс колдонулбай турганын билдик.

Бирок, баягы эле Роза Отунбаева, Равшан Жээнбеков сыяктуу батыштын камчысын чапкан саясатчылар, Феликс Кулов, Апас Жумагулов, Зайнидин Курманов сыяктуу бийликтен жыдыгандар «Таза шайлоосуз таза коом жок» деген жарандык кыймыл түзүп алышып, «президенттик шайлоонун таза жана адилет өтүшү коом жана жалпы өлкө үчүн маанилүү» деп акылдуу болушууда. А бүгүнкү бийлик эмне деп атат? Бийлик деле ошону айтып, «добушуңарды сатпагыла, элибиздин, мамлекетибиздин жүгүн аркалай ала турган, эл кызыкчылыгын сатпай турган талапкерге добушуңарды бергиле» деп атпайбы. Ошону билип туруп деле жөнү жок кокуйлай бергенде болобу?