Блогер Чыңгыз Капаров баштаган активисттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеванын экс-президент статусунан ажыратуу боюнча кол топтоону улантышууда.
Чыңгыз Капаров 24.kg маалымат агенттигине билдиргендей, ушу кезге чейин 30 миң кол топтолду.
Парламентке бул демилгени сунуштоо үчүн 300 миң анык кол тамга талап кылынат. Чыңгыз Капаров иш-чара анын демилгечилери документти парламентке тапшыруу үчүн керектүү сандагы кол топтамайынча акциянын уланарын белгиледи.
Активисттер Роза Отунбаева 2010-жылы альтернативдүү талапкер катары шайлоого катышкан эмес деп эсептешет. Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын октябрь айында болгон элдик нааразычылыктардан кийин кызматтан эрте кетүүгө аргасыз болгон. «Эки бийликтин тең мезгилинде өлкө жол берилгис жоготууларга учурады» деди Чыңгыз Капаров.
Кол топтоо Бишкек шаарында Ала-Тоо аянтындагы Илбирс имаратында ар жума жана ишемби күндөрү саат 10.00дөн 18.00гө чейин жүрөт.