Домой Саясат Бабановго “жатып берүүгө” даяр турган Арипов БШКнын ишене тоскоолдук жаратууда

Бабановго “жатып берүүгө” даяр турган Арипов БШКнын ишене тоскоолдук жаратууда

43

acheter pilule de viagras. 2013-09-11_14-54-47_494883

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов бир кезде өкмөттү жетектеп турган. Ошол учурда Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору эле. Эми Бабанов жана анын пиарчылары эски замандагы Жээнбековдун сүрөтүн пайдаланып, Бабанов ага тапшырма берчү дегендей “осурак” кыздын жоругун жасап отурат. Бул билгенге текеберчилик, жеткен акмакчылык.

Бабанов ошол кездеги Сооронбай Жээнбеков менен Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун сүрөтүн баннерлерине пайдаланып, Бишкектин чок ортосуна илдирген. Буга Жээнбековдун ишенимдүү адамдары нааразы болуп БШКга кайрылган. Бул боюнча БШКда атайын жумушчу комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгы 20-сентябрда каралды. Бабанов дегенде жатып берүүгө даяр турган БШКнын мүчөсү Назарали Арипов маселени тескери буруп, Өмүрбек Токтогуловичти гана жактап туруп алды. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова аталган баннер мыйзамга каршы келерин айтып, аны алып салууну сунуштаганда Назарали мырза ат тепкендей так секирди. “Биз өзүбүз үгүт жүргүзгүлө деп уруксат бердик. Эми анын баннерин алып салабызбы” деп күйпөлөктөйт.

Башын кылтыңдатып, адамга кымындай жакшылыгы жок Арипов бул жерде шайлоо мыйзамдары бузулуп, Бабанов атаандашынын укугун “тепкилеп” жатканын абдан жакшы билип турат. Болгону бир тараптуулукка моюн сунуп, куйтулугун кылууда. Мындай Бабановдун гана арыгын чапкан БШКнын мүчөсүн тез арада чакыртып алуу керек. Чөнтөгүн дагы кампайтып койсо далай өнөрлөрүн көрсөтөт. Андыктан шайлоо жыйынтыгына доо кетпеши үчүн бир талапкерди гана колдогон БШКнын бул мүчөсүн четтетүү зарыл.