Мына ушундай суроону Швецияда жашап жүргөн журналист Сыргак Абдылдаев кабыргасынан коюптур. Чын эле да, эй!
Мына маселен, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев биз билген 1990-жылдардын башынан бери карай Жогорку Кеңештин партасынан түшпөй келатат. Демек, жалаң айлык акыга жашап жаткан депутат. Башында эч кандай бизнеси деле жок болчу. Бизнес жасай турган каражаты деле жок эле. Бир убакта “Эл үчүн деп эле кыйкырып жүрө бериптирмин, көрсө калган депутаттардын бардыгы бизнес жасап алышыптыр” деп Текебаев өзү кейип жүрчү экенин да укканыбыз бар.
Анан эле 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин Текебаев укмуштуудай байып кетип жатпайбы? Ошол байлыктары кайдан келгенин, кандай эмгек менен табылганын тыңдап айта албай, кайра “Менин аялыма орден тагыш керек, ал Атамбаевден да көп табат” деп опурулуп жатпайбы. Ошондо Текебаевдин аялына кандай орден тагышыбыз керек? Текебаевге кантип мародерчулук кылуу, кантип “Мегакомдун” акцияларын сатуу аркылуу бат эле байып кете ала тургандыктарын үйрөткөнү үчүн деген орден тагабызбы?
Ошентип Текебаевге карата коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынып жатса, экс-президент Роза Отунбаева “Репрессия болуп жатат” деп сүйлөп отурат. Кайдагы репрессия болуп жатканын Швецияда жашап жаткан журналист Сыргак Абдылдаев деле түшүнбөгөнүн өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазыптыр. Анан Роза Исаковнага төмөндөгүдөй суроону кабыргасынан коёт: “Роза Исаковна, мага, жөнөкөй жана тынч кыргызстандыктарга мына бул суроого жооп бериңизчи:
Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан кийинки 25 жыл ичинде сиз бай адам болуп, мен бай болбой калганым кандайча болуп калды? Биз бардыгыбыз бирдей укук жана милдеттерге ээ эмес белек? Кантип кыргызстандыктардын 90%ы жакыр болуп, сиз өзүңүз бай болуп калдыңыз? Буга ким күнөөлүү?”.
Чын да, ким күнөөлүү? Жеп-ичкенди билбеген карапайым кыргызстандыктар күнөөлүүбү? Же карапайым элибиздин ишенчээктигинен пайдаланып алган Отунбаева, Текебаевдер күнөөлүүбү?
Мурат Мусакеев