КР вице-премьер-министри Дүйшɵнбек Зилалиев ɵзүнүн жумушчу сапарларынын биринде президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүт ишин жүргүзгɵн деген маалымат тарап, бул коомчулукта ар кандай талкууну жаратты. Биз атайын Дүйшɵнбек мырзанын ɵзү менен байланышып, маселени чоо-жайын сураганыбызда, ал андай сɵздɵр айтылганын, бирок тар чɵйрɵдɵгү сүйлɵшүү маалында айтылган сɵздɵр белгиледи.
«Биринчиден, бул бейформал маанайдагы, тар чɵйрɵдɵгү жолугушуу болчу. Ал жерде болгон сɵздɵрдү жаздырып алуунун ɵзү мыйзамсыз болгон.
Экинчиден, менин сɵздɵрүм жалпы контексттен бɵлүнүп алыныптыр. Эгерде ал жерде болгондордон сурап кɵрсɵңүздɵр, алар менин жеке суроолорго гана жооп бергенимди тастыкташат. Ал жерде айткандарымды үгүт катары кабыл албоосун бир канча жолу эскерткем. Жеке оюңду сурап жатышса, жооп бересиң да. Кызмат адамы эмес, инсан катары жеке оюмду билдиргем. Бир нерсе сүйлɵсɵң эле теңирден тескери кылып бурмалап, аны социалдык тармактарга чыгарып ийишерин, ошол үчүн жеке оюңду айткандан карманганың оң экенин да айткам.
Тилекке каршы, мен айткандай эле болду. Абдан ɵкүнүчтүү, бул мен үчүн сабак болду. Сенсацияны кууган айрым маалымат каражаттары бул абалдан пайдаланып, жеке жашоомо чейин кийлигишип атышат. Бул туура эмес деп эсептейм», — деди вице-премьер-министр.
Дүйшɵнбек мырзанын айтканына да кошулбай коюуга болбойт. Бейформал маанайдагы сүйлɵшүүдɵ нелер гана айтылбайт. Кызмат адамынын да жеке инсандык пикири бар. Адамдын жеке ойлорун кызматына байланыштыра берүү туура эмес го. Байкасак, мында вице-премьер-министр шайлоонун шарданы менен кутум ойлуулардын гана курмандыгы болуп калгандай