Домой Саясат “Республиканын” катары калыңдап, күчтөнө баштады

“Республиканын” катары калыңдап, күчтөнө баштады

2315
Башчылыкта Бабанов эмес, келечектен көптү үмүттөндүргөн Мирлан Жээнчороев турган “Республика” партиясы дагы алдыдагы аламан шайлоого аттанаарын күн мурунтан эле айтып келе жаткан. Катарын саткындардан тазалап, чыныгы республикачылар жана жаш жаңы жүздөр менен толуктады. Бабановдун башына келген бир кездеги мүшкүл иштерден улам, бир даары алардын “тагдыры” чечилди деген эле. Андай болбой, түгөнгөн сайын түтөгөн дегендей, шайлоо алды алардын ат тизгини чыйралып бараткандай. Билсеңер, катарына кадимки Чүйдүн чүйгүнү, “сулуусу” Туйгунаалы Абдраимов дагы келип кошулаары айдан ачык боло баштады. Аны канчалык айтпайлы, чүй боорунда бир топ кадыры бар. Кармашканын какус кылган кара жүрөк жалыны бар. Бул бир, экинчиси жакында Ошто өкмөттүн өкүлү болуп отурган Ысык-Көлдүн бир азаматы Узарбек Жылкыбаев дагы кызматын таштап, мына ушул Жээнчороев жетектеген “Республиканын” катарына келип кошулуп жатканы да, бул партиянын шайлоодо оңбогондой “салгылашка” сап даярдап турганынан кабар берет. “Эски дос эстен кетпейт” дегендей, коомчулукта “Мекенчилдер” менен мээлеп турган Ташиев дагы бул партиянын катарына кирип калышы мүмкүн экени айтыла баштады.
Булак: «Факты.кж»