Рак – күн сайын миңдеген адамдар врачтын кабинетинен уккан эң коркунучтуу диагноз. Ар кайсы өлкөлөрдө жашаган окумуштуулар бул оорунун себебин жана дарылоо жолун табууга аракеттерин жумшап келет. Ошого карабай бул көйгөйдү түп тамырынан чечүүнүн жолу табыла элек. Бактыга жараша аны чакырган факторлорду билүү менен пайда болуу коркунучун азайтууга болот. Демек, онкологиялык ооруларды эмнелер чакырат?
Тамак-аш канцерогендери
Биз үчүн көнүмүш болуп калган көпчүлүк азыктарда көп колдонгондо ооруну чакыруучу зат бар. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эң көп канцероген ашыкча куурулган тамакта болот. Андыктан куурулган тамакка караганда кайнатылган, духовкага бышырылган тамактарга басым жасаган жакшы. Ошондой эле курамында нитраты көп жашылча-жемиштер да бул ооруну чакырат. Дагы бир далилденген тамак-аш канцерогени – бензапирен, бул зат ышталган азыктардын курамынан кездешет.
Вирустар
Рактын себеби кадимки эле вирустар болуп калган учур онкологиялык оорулардын тарыхында көп жолу катталган. Мисалы, папилломанын вирусун жуктуруп алуу жатын моюнчасынын рагынын себепчиси болуп калышы мүмкүн. Т-лимфотроптук вирусу лейкоздун курч формасын козгойт. Айрым вирустар ашказан рагын пайда кылат. Жалпылап айтканда, вирустар болжол менен рактын пайда болуусунун ар бир онунчу учурунун себепчиси болот.
Спирт ичимдиктери жана тамеки
Онкология менен тамекинин тыгыз байланышта экенин көптөгөн изилдөөлөр далилдеген. Тамеки тарткан адамдын кызыл өңгөчүндө, кекиртегинде, ооз көңдөйүндө, өпкөсүндө шишик пайда болуу коркунучу өтө жогору. Болжол менен рактан өлгөн ар бир бешинчи адамдын оорусунун себеби тамеки болот. Коркунуч тамеки тарткан адамда эле эмес, анын жанында жүрүп тамекинин түтүнү менен дем алууга аргасыз болгон адамда да жаралат. Алкоголдук ичимдиктерди ченемсиз пайдалануу да боор жана тамак сиңирүү органдарында залалдуу шишиктин пайда болушуна жол ачат.
Курчап турган чөйрөнүн терс таасири
Бир эле тамак-ашта эмес, бизди курчап турган чөйрөдө да онкологиялык оорулардын келип чыгышына себепчи болгон канцерогендер бар. Алар бүгүнкү күндө өтө эле көп. Мисалы, күнүмдүк тиричиликте колдонулган химия, курулушта шифер, түтүктөрдү жасоодо колдонулган асбест, айрым пластмассалар. Унаалардан чыккан газда да аз эмес канцероген бар. Бүгүнкү күндө нурлануу бизди бардык жагыбыздан курчап турат. Көтөргөн телефонубуздан баштап ашканада колдонгон тиричилик буюмдарыбызга чейин нурлануу бөлүп чыгарып, оорунун келип чыгышына шарт түзөт.
Депрессия
Онкологиялык оорулар менен адамдын психологиялык абалынын да байланышы бар экенин биле жүргөнүбүз жакшы. Окумуштуулар адамды депрессия болууга жеткирген стресс онкологиялык оорулардын келип чыгуусуна себеп болорун далилдешкен. Стресс шишиктин пайда болушуна түздөн-түз таасир этпейт, бирок ал иммунитеттин кескин түшүп кетүүсүнө шарт түзөт. Иммунитет болсо бул учурда шишикке каршы коргонуу жөндөмдүүлүгүн жоготот.
Кандай азыктар кооптуу?
Кайра иштетилген эт.
Бургер, хотдог, сосиска сыяктуу кайра иштетилген эттерден жасалган азыктарды сүйүүчүлөр – өздөрүнүн ден соолугун тобокелге салып жаткандар. Аларда ракты чакыруучу зыяндуу химиялык заттар камтылган. Попкорн. Жеңил жана ыңгайлуу болгону үчүн көпчүлүк учурда попкорндор кичи толкундуу меште жасалат. Аларда онкологиялык ооруларды козгоочу диацетил аттуу химиялык зат бар.
Майонез, кетчуп.
Эмульгатор, стабилизатор, консерванттар, трансмай, уксус, шекер… Онкологиялык ооруларды козгоочу бул узун тизмени дал ушул майонез менен кетчуптун курамынан табууга болот.
Туз.
Тузду ашыкча көп колдонуу ашказан, кызыл өңгөчтүн рагына алып барарын окумуштуулар далилдешкен. Андыктан аны күнүмдүк нормасынан ашырбай колдонуу сунуш кылынат.
Чипсы.
Бул азык эң зыяндуу деп эсептелинет. Көп өлчөмдөгү нитрат, даам күчөткүч, татымалдар, май жана башка зыяндуу азыктар кошулган бул азык ашыкча салмак кошуп эле тим болбой, ашказан, бөйрөк, боор, ичеги рагын козгоого да жөндөмдүү.
Газдалган таттуу суусундуктар.
Булардын курамында жасалма шекер, боёктор жана шекердин өзү бар. Газдалган суусундукту жумасына эки жолу ичкен адамда ашказан рагынын пайда болуу коркунучу бир нече эсеге жогору болот.
Калай идиштеги томат.
Помидор кычкыл азык болгондуктан аны консервация кылууга болбойт. Көпчүлүк калай идиштерге А-бисфенол деп аталган химиялык зат кошулат. Бул болсо ашказан жана ичеги рагын пайда кылышы мүмкүн.
Ден соолук — оңой менен кайра табылбас байлык, өзүңүзгө азыртадан кам көрүңүз!
Булак: lady.kg