Домой Саясат РАЙЫМ КАНТИП АКТАНДЫ?

РАЙЫМ КАНТИП АКТАНДЫ?

10

Жеп-ичип, түгөтүп, байып анан эле четке чыгып кетүү коррупционерлердин миссиясы эле болуп калды. Бийликтегилердин бир чоң артыкчылыгы ушул. Жемей,анан акырын кызматын өткөрүп тынч кетип калмай.Жоопкерчилик жокко эсе.Бизде бийликке умтулуу болуп көрбөгөндөй чекке жеткенинин себеби деле ушул.Бат баюунун эң шыр жолу деп түшүнөт, көптөр. А чындап келсе, там-туң баскан Кыргызстандын деңээлинде өкмөт, министр, депутат, директор дегениң жумушунун айынан жүрбөй калыш керек эле да.

Матраимовдун да актанганы ушундаи эле кейипте экен. “Мен бажыга кайра барып  иштөөдөн баш  тартып, тынч оокатымды кылайын дегем, ага карабай каралап жатышат” дейт. Демек, барбаганына, тынч отурганына карабай каралоо болуп жатса, чындыктын ак же көк экенинин этегине чыкпаганынын белгиси. Болбосо, таза, тынч олтурган адамга ар ким асылып, айтпаганды айтуунун коом үчүн канчалык мааниси бар эле? Арам оокат, эл кусуру кусмайын,
кайтарып бермейин өмүр өткөнчө уктатпайт. Муунга, урпака тарайт. Карманганы, кайра барбай койгонунда экен. Биздин көз караштын деңгээлин түшүнүп алганын кара. Адатта биз, жеп кеткенин эмес, жеп-ичип тоюп анан алкымы ачылып олтуруп, акыркы чекте кармалып калган кезде, кызматын тапшырып берип кетип калганды ”оо, буга кызмат керек эмес экен, бали” деп баалайт эмеспизби. Мамлекеттик жазаанын да жеткен чеги, кустуруу, жоопкерчилигин кароо эмес, анын кызматынан алып коюу өтө чоң жазалоо болуп саналат. Сыягы, Райым акебиз да ошол жеңил жол менен элди жоошутуп кызматынан
кеткенин айтып актанайын десе керек. А былыктардычы, кайда катабыз?
Райымга, райымдуулук болбош керек!Булак: Факты.кж