Домой Саясат Президентти коштоп жүргөн 2 адамдан коронавирус табылды

Президентти коштоп жүргөн 2 адамдан коронавирус табылды

181

Президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан баш тартуу чечимин кабыл алды- деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Алгоритмге ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, делегация мүчөлөрү жана коштоочу адамдар Москва шаарына келери менен КОВИДге тест тапшырышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды.

Мындан аркы алгоритмге ылайык, Президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан баш тартуу чечимин кабыл алды.