Домой Саясат Парламент референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

Парламент референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

68

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун 10-декабрдагы сессиясында дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алып берди.

Жыйынды алып барган вице-спикер Мирлан Бакиров каттоодон 64 депутат өткөнүн билдирди. Алардын ичинен төрт депутат — Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев, Айсулуу Мамашова жана Наталья Никитенко мыйзам долбооруна каршы добуш беришти. Сессияга катышкан калган 60 депутаттын макулдугу менен мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окуудан өттү.