Домой Коом Пара алып кармалган депутаттын бир тууганы мамлекетке 100 миң доллар төлөдү

Пара алып кармалган депутаттын бир тууганы мамлекетке 100 миң доллар төлөдү

58

Пара алып жаткан жеринен кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын (ТББ) бажылык жол-жоболоштуруу тобунун башкы инспектору М.Келдибаев өлкөнүн бюджетине 100 миң доллар төлөдү. Бул тууралуу “Tazabek” басылмасы коопсуздук кызматындагы булактарына таянып жазды.

Маалыматтар боюнча, Келдибаев бул сумманы январдын башында төлөгөн.

УКМКнын басма сөз кызматы маалыматты тастыктады.

Белгилей кетсек,  29-декабрда УКМК ККК пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын (ТББ) бажылык жол-жоболоштуруу тобунун 1972-ж.т. башкы инспектору 1000 доллар өлчөмүндөгү акча каржатын алып жаткан жеринен кармалган. Ал Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүү үчүн жеке ишкерден акча каржатын талап кылган.
Кармалган К.М.А. КР ЖК депутаты С.А.Келдибаевдин бир тууганы экени айтылган.