Домой Кылмыш Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери декларацияланбаган 1,5 миллион сомдон ашык товарды аныкташты

Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери декларацияланбаган 1,5 миллион сомдон ашык товарды аныкташты

33

Түштүк-Батыш бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча бажы контролунун алкагында иш-чараларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ бажы аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товар коштоочу документтерсиз товарларды мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталган.

БАЭден «Э.С.» алуучунун дарегине жүк келип түшкөн, анда контейнери бар автотранспорт каражатынын жүк бөлүгүн бажылык текшерүү учурунда декларацияланбаган 1 бирдик «Toyota Crown» маркасындагы транспорт каражаты, ошондой эле самын жуучу каражаттар жана антиперспиранттар табылган.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материал Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп, мамлекетке 1 632 404 сомдук аныкталган зыян келтирилген.