«Баткен» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте товарларды мыйзамсыз алып өтүү фактысын аныкташты.
ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш – чараларды өткөрүүнүн алкагында Тажикстан Республикасы менен чектеш аймакта КР ЕАЭБ бажы аймагына алып келүүнүн мыйзамдуулугун ырастоочу товар коштоочу документтери жок, данеги менен кургатылган өрүк товары аныкталган.
Жүктүн жалпы салмагы — 561,35 кг, баасы – 84 202 сом. Факт КБР МЭЖ АДСда катталган. Бул материал боюнча жалпы суммасы – 45 030 сом айып санкциялары жана тиешелүү бажы төлөмдөрү төлөнгөн.