Нурлан Абдыкалыковдун кереметтүү карьерасы табышмактуу өлүм менен аяктаган. Ал 18 жашында бокс боюнча чоңдор арасында СССРдин чемпиону аталып, дээрлик өлкө боюнча ири мелдештерде алдыңкы орундарды берген эмес. Азыркыга чейин кыргыз бокс дүйнөсү мындай спортчуну көрө элек экенин айтышат машыктыруучулар.
Бокс спортунун дүркүрөп өнүгүп турган убагы деп XX кылымды айтсак туура болот. Ал убакта Мухаммед Али, Рокки Марчиано, Тайсон, Рой Жонс деген ысымдарды баары таанып билишкен. Албетте, профессионалдык бокс менен биргеликте сүйүүчүлөр арасындагы бокстун дагы орду чоң болгон. Олимпиадада ийгилик жараткан боксчулар, профессионалдык деңгээлде да мыкты карьера жасаган.
Ал эми азыркы күндө профессионалдык бокс ар тараптуу жана кызыктуу болгону менен, мурдагы деңгээл жок. Сүйүүчүлөр арасындагы бокс болсо экинчи планга түшүп, эски беттештер жана мушкерлер дээрлик аз эскерилет.
Чет элдик спортчуларды унутуп коюу мүмкүн. Бирок, ата мекендик тубаса таланттуу, чыныгы мушкерлерди унутуу адилетсиз болуп калат. Ким билет, балким, ошол учурдагы боксчулар азыр болгондо, профессионалдар арасында титул үчүн беттешип жүрмөк.
Ушундай спортчулардын бири Кыргыз ССРинин өкүлү Нурлан Абдыкалыков болгон. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкор айылында 1965-жылы 17-августта туулган. Бала кезинен атасыз чоңоюп, кичинесинен эле өзүн өзү коргой билиши керектигин түшүнгөн. 10 жашында бокс боюнча машыгууга катышып, андан кийин өзүн ушул спортко арноону чечкен. Нурлан, Махамаджан Ахмедовдун жетекчилиги астында машыга баштаган. Үч жылдан кийин Абдыкалыков спорттук интернатка кирип, ал жерде Герман Пышкиндин көзөмөлүндө болот.
Көп өтпөй биринчи чоң ийгиликтер келе баштайт. Боксчу өзүнүн жаш категориясында бир нече Бүткүл союздук жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болгон. Ал эми 1982-жылы өспүрүмдөр арасындагы СССРдин чемпионатында алтын утуп алат. Советтик бокстун асманында жаңы жылдыз жангандыгы айдан ачык болуп калган. Нурлан өспүрүмдөрдүн катарына тартылып, эл аралык турнирлерге катышып, Румынияда, Германияда, ал тургай Кубада жеңиштерге жетише баштаган.
1983-жылы Нурлан өспүрүмдөр арасындагы кезектеги СССРдин чемпионатында жеңилүүгө дуушар болот, бирок бул анын карьерасынын жүрүшүнө терс таасирин тийгизе алган эмес. Улуттук курама команданын машыктыруучулар штабы жана бүт эксперттик коомчулук жигиттин чоң талантын таанып, мойунга алышат. Акыры, 1984-жылы Абдыкалыков өзүн бүтүндөй өлкөгө жарыялаган. Спортчу 60 килограммга чейинки салмакта чоңдор арасындагы СССРдин чемпионатында алтын утуп алган. Болгондо да мыкты чеберчиликти көрсөтүп, атаандаштарынын бардыгын тең ишенимдүү түрдө жеңген.
Нурлан сол жактуу позицияда беттеш алып барып, укмуштуу ылдамдыгы, жакын аралыкка чыгуу мүмкүнчүлүгү жана таамай сол соккусу менен айырмаланган. Мыкты жөндөмдүүлүк жана өжөрлүктүн аркасы менен СССРдин чемпионатында көптөгөн эмгек сиңирген боксчуларды утуп алган. Жарым финалда жаш мушкер, 1979-жылы Европанын чемпиону жана Москва Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Виктор Демьяненкону жеңип алат. Жеңилүүдөн кийин Демьяненко карьерасын жыйынтыктап, спорттон кетет. Дагы бир тажрыйбалуу мушкер Владимир Степанов жаш боксчу менен финалдык беттешке чыгуудан себепсиз баш тартат. Абдыкалыковдун биринчи машыктыруучусунун айтымында, Степанов утулаарын түшүнүп, ашыкча көйгөй каалаган эмес.
Көрүнүктүү ийгиликтер Нурланды негизги курама команданын катарына алып келет. Спортчу бүткүл союздук турнирлерге, ошондой эле Европа, АКШ жана Африкадагы мелдештерге катышат. Дал ушундай тынымсыз машыгуулар менен мелдештер, кээ бирөөлөрдүн айтымында, мушкердин трагедиясынын башталышы болгон. 1985-жылы февралда Ереванда СССРдин кезектеги чемпионаты өтөт. Абдыкалыков Арменияга 63,5 килограммга чейинки салмак ченинде фаворит катары келип, мелдештеги алгачкы атаандаштарын ишенимдүү түрдө утат.
Жарым финалда ал жергиликтүү спортчу Багдасарян менен жолугуп, беттеште учурунда таң калычтуу окуя болот. Рингде өзү менен өзү сүйлөшүп, башкача кыймыл аракеттерди жасап, кыйкыра баштайт. Ошентсе да жеңишке жетет. Бирок ал чечүүчү салгылашууга чыкпай калат. Анктени спортчуну Москвагадагы “Бурденко” ооруканасына жөнөтүшүп, ага нерв оорусу диагнозу коюлат.
Бокс чөйрөсүндөгүлөрдүн айтымында, Багдасаряндын өкүлдөрү Нурланга атайын «сыйкырчылардын» жардамы менен дуба окуткан дешет. Башкалары тынымсыз машыгуулардын айынан деген пикирде. Айтор, ошол учурдан тартып, жаш жигиттин карьерасы урай баштаган. Акыркы ири ийгилик Будапешттеги Европа чемпионатында коло медал болгон. Жарым финалда Нурлан ГДРдин өкүлү Торстен Кохко утулуп калган.
Андан кийин абал ого бетер начарлай берген. Еревандагы окуядан улам Абдыкалыков аскерден бошотулуп, карьерасынын ийгиликтүү уланышы күмөн жаратып калган. Мушкер үйүндө машыгууну улантып, ошол эле учурда окуусуна жетишип, юрист кесибине ээ болгон. Тажрыйбасын жаңы чыгып келе жаткан спортчуларга үйрөтүп, бош убактысын машыктырууга арнаган. Бирок мунун баары эски эмоциялардын , жеңиш жана атаандаштык сезимдердин ордун баса алган эмес. Жаш боксчу талантынын текке кетип жатканын сезип, аябай чөгүп кеткен.
Бир жолу ал: «Мен убагында олимпиада чемпиондорун уткам, азыр кайдамын?»-деген. Чындыгында эле, Нурлан көз жумардан бир аз мурун Вячеслав Яновскийдин Сеулда алтын медалды жеңип алганына күбө болгон. Убагында аталган мушкерди биздин спортчу ишенимдүү түрдө жеңип алган эле.
Кийин бул ойлор мушкерге тынчтык берген эмес. Абдыкалыков 1988-жылдын аягында көз жумган. Анын өлүмүнүн себеби көрсөтүлгөн эмес. Айрым маалымат булактары аны өз жанын өзү кыйганын айтат, кээ бири «күтүлбөгөн өлүм» дешет.
Кандай болгон күндө да, бокс дүйнөсү Абдыкалыковдун образындагы таланттуу спортчусунан айрылган. Жаш боксчу сырдуу жагдайларга байланыштуу өзүнүн потенциалын акырына чейин ача алган жок.
Кененирээк маалымат алуу үчүн Нурлан Абдыкалыковдун досу, СССРдин бокс боюнча спорт чебери Нурлан Тулебергенов менен маек курдук. Учурда машыктыруучу болуп эмгектенген Тулебергенов досу менен кантип таанышып калганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду.
— Мен, Нурлан менен спорттук интернатта таанышкам. Бирге машыгуу өткөрүп, бир бөлмөдө Нурлан, Тынар жана балбан Болот Кашкараев болуп төрт бала чогу жашадык. Нурлан тынымсыз машыгууларды өткөрүп, ар кандай мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратып жүрдү. Спорттук интернатты аяктагандан кийин да мамилебиз үзүлгөн жок, бирге мелдештерге катышып жүрдүк. Нурлан абдан өжөр болчу. Эсимде, Тамгага окуу-машыгуу жыйындарына Геннадий Федорович менен барып калчубуз. Агай көнүгүүлөрдү аткаргыла деп тапшырма бергенде, биз бир аз жалкоолонот элек. Ал эми Нурлан андай эмес болчу. Биз аны ээрчип, артынан машыкчубуз. Ал туубаса таланттуу эле. Эгерде 1984-жылы АКШдагы олимпиадага катышуу мүмкүнчүлүгү болгондо, Нурлан чемпион болмок. Бир гана спорт менен чектелбей, китеп окуп, юридикалык окуу жайды артыкчылык менен бүтүргөн. Жаш кезинен бокс боюнча бүтүндөй СССР курама командасынын капитаны болду. Анын бир тууганы Тынар дагы бокс боюнча республикалык мелдештерден байгелүү орундарын ээлеп жүрчү. Нурландын артында Асман деген уулу калды.
Нурлан Абдыкалыковду сырдуу окуяларга байланыштырып келишет. Ушул тууралуу айта кетсеңиз?
— Ал окуя тууралуу Нурлан өзү айтып берген. Еревандагы 1985-жылдагы СССР чемпионатында катышып, жарым финалга чейин жетет. Жарым финалдык беттеште армениялык, тагыраагы, жергиликтүү мушкерге каршы чыгышы керек болот. Нурландын айтымында, беттешке чейин кийинүү бөлмөсүнө кебетеси кавказ улутуна окшош бир киши кирет. Ал учурда Нурлан жалгыз экен. Кирип эле Нурланды мурдатан таанып билгендей, эмнени жакшы көрүп, эмне менен алек болорун айтып, маалыматы кенен болот. Жада калса, каза болгон бир тууганына да көнүл айтат(Афганистанда бир тууганы каза болуп калган эле). Таң калганым, ошол учурда машыктыруучулар кайда жүрүшкөн, анын жанында болушу керек эле го. Кирген адам ким болгонун билбейм. Балким, сыйкырчы же гипноз колдонгон адам болгон окшойт. Ошентип, Нурлан беттешке чыгып, ар кайсыны сүйлөп кыйкыра баштайт. Бирок каршылашын жеңип алат. Жеңсе да, ким утту деп машыктыруучулардан сурайт. Дээрлик, эмне болгонун түшүнбөгөнүн айтат. Анан ошол жердеги калыстар Нурланды мелдештен четтетип, ооруканага жөнөтүшөт. Мына ошондон кийин Нурландын иши жүрүшпөй калат. Ооруду деген күбөлүгү менен жумушка да киргенге кыйын болду. Болбосо ошол мелдешке чейин сонун эле жүрчү. Окуу-машыгуу жыйындарына барганда, ар дайым жанына китеп алып, билимдүү, акылдуу бала болчу. Тилекке каршы, аягы жаман бүтүп калды. 1988-жылы кайтыш болду.
Учурда Бишкек шаарында жайгашкан Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында “Нурлан Абдыкалыков” атындагы бокс залы бар. Аталган спорттук зал 2011-жылдан тартып иштеп келет. Машыктыруучу катары Нурлан Тулебергенов, Мамыт Акеров, Эрнис Асыгалиев сыяктуу СССРдин бокс боюнча спорт чеберлери жана башка машыктыруучулар эмгектенет.
Кыргызда бир сөз бар эмеспи, “ Ар бир кыргыз өз залкарланын, баатырларын таанып билиши керек ”-деген. Анын сыңарындай, биз дагы өз кезегинде олимпиада чемпиондорун, дүйнөлүк деңгээлдеги спортчуларды жеңген мекендешибиз, спортчубузду таанып билбегенибиз туура эмес. Мекендешибизди Жараткан өз мээримине алсын деп айтуудан башка аргабыз жок. Эми, өсүп келе жаткан жаш муун дагы ушундай инсандардан үлгү алып, дүйнөлүк аренада кыргыздын желегин бийиктикте желбиретет деген үмүттөбүз.
булак : ktrk.kg