Домой Коом «Баткен» бажысынын кызматкерлери 300 миң сомдон ашык контрабандалык товарга бөгөт коюшту

«Баткен» бажысынын кызматкерлери 300 миң сомдон ашык контрабандалык товарга бөгөт коюшту

19

Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Боз-Адыр чек ара заставасынын аскер кызматкерлери жана Баткен РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө товарларды мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталган.

КР жараны «А.у.Н.» башкаруусундагы «VOLVO FH12» маркасындагы автотранспорттун жүк бөлүгүн бажылык текшерип кароо өткөрүүдө, себүү үчүн үрөндүк картошка товары аныкталган.

Пакистан Ислам Республикасы тарабынан өндүрүлгөн жүк коңшу мамлекеттен Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган жүк коштоочу документтери жок алынып келинген.

Товардын жалпы салмагы 13 200 кг, баасы 330 000 сомду түзгөн. Факт КБР МКЖ АДСда катталган. Учурда жалпы суммасы 78 905 сомду түзгөн айыптык санкциялар жана бажы төлөмдөрү төлөнгөн.