Домой Коом МБК ээлеген кызматына ылайык келүүсүн текшерүү үчүн кызматкерлерди аттестациядан өткөрдү

МБК ээлеген кызматына ылайык келүүсүн текшерүү үчүн кызматкерлерди аттестациядан өткөрдү

18

Мамлекеттик бажы кызматы ээлеген кызматына ылайык келүүсүн текшерүү үчүн кызматкерлерди аттестациядан өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын 26-апрелинен 3-майын кошкон мезгилде Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлерин аттестациядан өткөрдү.
Бардыгы болуп Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын 126 кызматкери аттестациядан өттү, анын жыйынтыгында:
• ээлеген кызмат ордуна ылайык келген, жогорку кызмат орундарына жылдыруу үчүн резервге киргизүү сунушталган – 17 кызматкер;
• ээлеген кызматына ылайык келген – 89 кызматкер;
• кайра аттестациядан өтүүгө тийиш – 15 кызматкер;
• ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келбейт жана төмөн турган кызмат ордуна жылдырылууга тийиш — 4 кызматкер;
• •ээлеген кызматына ылайык келбеген жана бажы органдарынан бошотулууга тийиш — 1 кызматкер.
Аттестациянын максаты кызматкерлердин кызматтык жана кесиптик ишмердигине объективдүү баа берүү, алардын ээлеген кызматына ылайык келүүсүн, кесиптик даярдыгынын деңгээлин жана карьералык өсүү перспективаларын аныктоо болуп саналат.