«Түндүк» темир жол бажысы бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныктады. Келтирилген зыяндын суммасы 1 миллион сомдон ашты
«Түндүк» темир жол бажысынын кызматкерлери тарабынан бажы контролунун алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды.
«К.» ЖЧКсынын дарегине муздаткыч жана тоңдургуч жабдуулардын тетиктери жана курулуш шаймандары товарлары келген. Товардын жалпы салмагы 3035 кг түзгөн. Жүк убактылуу сактоо үчүн кабыл алуучунун кампасына коюлган.
Товарлар идентификациялык каражаттарды ачуу менен бажы органынын уруксатысыз колдонулгандыгы аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 1 019 747 сомду түзгөн.
Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалга юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурада каралууда.