Бүгүн, 2023-жылдын 22-майында Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын жаңы үлгүдөгү желегин көтөрүүгө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинен жана жеке курамынан тышкары, бажы кызматынын ардагерлери жана Россия Федерациясынын Бажы кызматынын КР Мамлекеттик бажы кызматындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси жана өкүлдөрү катышты.
Өз сөзүндө Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Исабеков С.С. жамааттын биримдигинин символу катары желектин чоң ролун белгиледи.
«Жаңы үлгүдөгү желек өзүнө артыкчылыктуу багытттарды аныктаган Кыргыз Республикасынын заманбап бажы кызматын чагылдырат: бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана тышкы экономикалык ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Желектин бекитилген сыпаттамасы жана сүрөттөрү эл аралык сооданын символдорун мүнөздөйт жана Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү мейкиндигинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Кочкул жашыл түс товарлардын эркин өтүүсүнүн белгиси катары кабыл алынат», — деп баса белгиледи Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы.
«Бажы кызматынын алдына коюлган жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун сактоо менен желегибиз желбирей берсин», — деп сөзүн жыйынтыктады Исабеков С.С.
Андан соң бажы кызматынын ардагери, бажы кызматынын генерал-лейтенанты К.А Закировдун катышуусунда жаңы желекти салтанаттуу көтөрүү аземи болуп өттү. Ушундай эле салтанаттуу иш-чаралар Кыргыз Республикасынын бардык бажы органдарында өткөрүлдү.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы №235 «Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын желегинин жана гербинин сыпаттамасын жана сүрөттөрүн бекитүү жөнүндө» токтому менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын желегинин жана эмблемасынын сыпаттамасы жана сүрөттөрү бекитилген.