Домой Коом Жаратман бизнес кербени Нарын облусун кыдырат

Жаратман бизнес кербени Нарын облусун кыдырат

48

“Эл аралык ишкерлер ассоциациясы”
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана Нарын облустук администрациясы менен биргеликте 20-январдан 23-январына чейин Нарын облусунун аймагында (Чаек, Кочкор, Нарын ш., Баетов жана Ат-Башы), жергиликтүү ишкердүүлүктү өнүктүрүүнүн алкагында “Жаратман” бизнес диалогун өткөрөт.

Бул иш-чарага ар кандай чөйрөдөгү чакан жана орто бизнес тармагындагы жергиликтүү ишкерлерди, фермерлерди, ошондой эле жаңы бизнес идеяларды издеген айыл тургундарын чакырабыз.

Аталган диалог жергиликтүү ишкерлердин ишканалары үчүн өз франшизасын иштеп чыгып жайылтууга, потенциалдуу өнөктөштөрдү жана кардарларды табуу үчүн чыныгы мүмкүнчүлүк болуп саналат. Ошондой эле экспортко чыгуунун жаңы механизмдерин билүүгө, билим берүү, туризм, ресторан багыттары боюнча жана айыл чарбасындагы жаңы инновациялардын ээлери менен потенциалдуу өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк берет.

Сурап билүү тел:
0555744575