Домой Саясат Оппозициянын күнү Бектур Асановго түштүбү?

Оппозициянын күнү Бектур Асановго түштүбү?

62

Бектур Асанов

Жалал-Абаддагы Барпы театрынын жанында 14-март күнү оппозиция уюштурган митинг болуп өттү. Ага 200дөй адам катышкан. Митингде формасы чоң болгону менен дээри өлчөлүү Бектур Асанов сөз сүйлөп, бийлик тарапты, биринчи иретте, Алмазбек Атамбаевди катуу сындады, дагы далайды “оттоду”.  “Атамбаев он күндүн ичинде кызматтан кетпесе, кетиребиз” дегенди айтканы кызык болду, анткени, “колунан кокон тыйын келбеген” немеден ушундай сөз чыкса, кызык гана эмес, шумурай-шумдук болуп жатпайбы.  Шоруң кургур, ушул сөздү башкалар айтса го ойлоно калса болот, анан ушул Бектур Асанов дегенден укканда оппозицияга бооруң ооруп турушу бар экен. Оппозициядагы тың жигиттер Асановго күнү түшүп калганбы деп ого бетер санаага батышың бар экен…Бу Асановуң “зектерге” таяна турганын да айтты. Эми ага кандай комментарий берилмек?! “Аксагы менен жүз болуп” жүрө берсин да, а деле бирөөнүн баласы…