Домой Саясат Оппозициячы Молдокматов ачкачылык жарыялады

Оппозициячы Молдокматов ачкачылык жарыялады

164

Оппозициялык «TURAN» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов: «Бийлик жалган жалаа менен мени үч айдан ашык кармашты. Туура эмес иштерин айтканым үчүн эркиндигиминен ажыратты. Бүгүн мага дагы бир ишти токушту. Ал 9-октябрдагы окуя боюнча шектүү катары кине коюшууда. Сурак протоколуна, шектүү жөнүндө кабарламасына кол койгон жокмун. Бул бийликтин саясий чечимине макул эмесмин. Бүгүнтөн баштап ачарчылык жарыялайм. Чындык үчүн күрөштө акыйкат чечим болбосо менин сөөгүм чыгат. Адилеттүү тергелишин талап кылам!»

Тактап айтсак, бүгүн (26.07.2021 ж.) Ж.Молдокматовго тергөө тарабынан 2020-жылдын 9-октябрдагы окуялар боюнча КРдин Жазык кодексиндеги 264-беренесинин (массалык башаламандыкты уюштуруу) 1-бөлүмү боюнча шектүү жөнүндө кабарламасы берилди. Ж. Молдокматов кол коюудан баш тартты.