Бу замандын иши бүттүбү?! Сузак районунда 22 жаштагы кайсы бир наадан достору менен карачечекей чоң энесин тоногон. 77 жаштагы кемпирдин үйүнө түн ортосу оогон ченде дубалдан аттап түшкөн бандиттер кирип барып, эч нерседен капарсыз уктап жаткан кемпирди ойготуп оозуна чүпүрөк тыгып, скотч менен чаптап, «акчаңды, алтын буюмдарыңды бербесең өлтүрөбүз» — дейт. “Менде эч нерсе жок» деген кемпирди кайра-кайра өлтүрөбүз деп жатып алтын буюмдарды да, акчаны да алышат. Алар бар экендигин мурун билишкен тура. Үч каракчынын бири таптакыр сүйлөбөйт. Каракчылар үйдөн телевизорду да алып кетишет. Сузак раймилициясы изилдеп-иликтеп олтуруп кемпирдин небересинен шек алып, аны жарга такаса мойнуна алган турбайбы чоң энесин тоношконун! Эми бул айбан да аз жылга соттолуп келип адаммын деп жашайт ээ!