Домой Ден-соолук Жалал-Абадда бейтаптарга акысыз берилген дарылар сатылып жатканы белгилүү болду

Жалал-Абадда бейтаптарга акысыз берилген дарылар сатылып жатканы белгилүү болду

79

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы ооруканада мамлекет бейтаптарга акысыз берген дары-дармектер сатылып жатканы белгилүү болду.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков “Укук кербени” долбоорунун алкагында ооруканага мониторинг жүргүзгөн учурда аныкталганын билдирди. Анын айтымында, сатылган дары-дармектерден сырткары калкты дарылоодо мөөнөтү өтүп кеткен дарылар да колдонулган.

“Гексикон” дарысынын жарактуу мөөнөтү 2021-жылдын январь айына чейин, “Цефтриаксон” дарысы ушул жылдын июль айына чейин, “Сальбутамол” дарысы 2021-жылдын октябрь айына чейин, “Зонд” дарысынын жарамдуу мөөнөтү ушул жылдын август айына чейин деп көрсөтүлгөн.

“Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында дары-дармектердин жана керектелүүчү материалдардын тизмесин текшергенде, так ушул мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер бейтаптарды дарылоодо колдонулганы аныкталган. Бул боюнча актылар түзүлүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга кат жөнөттүк”, – деди Азарбеков.

Буга чейин Акыйкатчы институтунун аппараты Сузак райондук ооруканасына мониторинг жүргүзгөн. Анда бейтапканада төрт кишилик палаталарда алты адам жатканын бейтаптар үчүн шарт түзүлбөгөнүн айткан болчу.