Батирдин ачкычын шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырды.
Үч эмге турак-жай сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1миллион 800миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Бир уул, эки кыздан турган үч эмди жарыкка алып келген Гүлнара Бүркүтова буга чейин 5 баласы менен ижарада, бир бөлмөлүү батирде күн кечирип келген.
Эске салсак, 2021-жылдын 31-мартында Жалал-Абад шаарынын 38 жаштагы тургуну Гүлнара Бүркүтова 3 эм төрөгөн.