Орус оппозициясынын лидери жазгандай, ушул эле күнү түрмө жетекчилиги Навальныйды «качып кетүү коркунучундагы» адамдардын тизмесинен чыгарган. Саясатчы жана анын адвокаттары мындай тизмеде турган адамдарды түрмө сакчылары түнкүсүн саат сайын ойготуп турарын айтып, даттанышкан эле.
Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный былтыр август айында ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. Ал быйыл январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше» ишине байланыштуу «шарттуу жазанын эрежелерин бузду» деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.
Ушул тапта Навальный Владимир облусундагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат.
Сентябрь айында Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө «экстремизмге» байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Оппозициячыл саясатчы жана анын тарапташтары айыптарды Кремлдин куугунтугу катары мүнөздөп келишет.