Бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарындагы айрым базарлардын соодагерлери митингге чыкты. Жалпысынан 1 миңден ашуун адам чогулду.
Митингчилер Министрлер кабинетинин салык саясатына нааразы экенин айтып, электрондук товар-транспорттук коштомо кагаз, ККМ жана электрондук эсеп-фактурага каршы чыгышты.
Соодагерлер буга чейин да нааразычылык акциясына чыгып келишкен. Бул жолу митингчилердин саны көбөйгөнү байкалды.