Премьер-министр Темир Сариев төрт артыкчылыктуу багытты камтыган “Акылдуу мектеп” долбоорун ишке ашыруу боюнча пландары тууралуу айтып берип жатып, жакынкы келечекте Кыргызстандын ар бир окуучусу планшеттүү болорун айтты. Ал эми ага кетчү каражат бюджетке киргизилген. Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги «Акылдуу мектеп» долбоорун ишке киргизип жатканын айтып, анын алкагында аймактардагы мектептер Интернетке кошула турганын маалымдаган.»Электрондук билим берүүгө өтүүдө ар бир окуучу планшет менен камсыздалат, бул ага убактысынын 60 пайызын өнмдөөгө шарт түзөт. Бул үчүн бюджеттен акча каралган. Ошону менен бирге быйыл өлкөдөгү 1000 мектеп, кийинки жылы калганы Интернетке туташтырылат», — деди өкмөт башчы.