Финансы полиция кызматынын мурдагы төрагасы Акимжан Муйбиллаевге карата 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган болчу. Кылмыш ишинин андан кийинки тагдыры кандай болгону белгисиз, бүгүнкү күндө Акимжан мырза эч нерсе болбогондой бизнесин жасап, атүгүл, саясатка тымызын аралашканы айтыла баштады. Мындан улам, биз Муйбиллаевге бир нече собол жолдоону чечтик. Ал кишиден жооп күтөбүз.
Анда эмесе, суроолорубузду баштадык.
1. 2010-жылдын 17-апрелинде Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров сизге карата кылмыш иши ачылганын, сизге эл аралык издөө жарыяланганын жар салган эле. Ал эмне болгон иш экенин чечмелеп бере аласызбы?
2. Сиздин бир кездеги ишенимдүү адамыңыз Каныбек Туратов 2019-жылы “Азаттык” радиосуна курган маегинде апрель окуясынан кийин Тажикстан аркылуу Россияга, андан ары Түркияга качып кеткениңизди билдирген. Анын айтымында, качкан кезиңизде жаныңызда 5 млн доллар болгон. Туратовдун айтканы чын болсо, 5 млн долларды кайдан тапкансыз?
3. Ошол эле Каныбек Туратов сиздин 2011-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевге жакын адамдардын бири менен сүйлөшүп, ага акча берип, Кыргызстанга келип, ээн-эркин жашоо сүрө баштаганыңызды баса белгилеген. Сизге карата козголгон кылмыш иштин жабылышынын төркүнү ушул жакта катылып жатпайбы? Ал үчүн, канча каражатыңыз кетти?
4. Сизди ашынган бай дешет. Башкасын айтпаганда да, Кара-Көл шаарына кетип бараткан жолдун жээгиндеги ири балык чарбасы сизге тиешелүү экени чынбы? Андан бөлөк дагы кандай бизнесиңиз бар?
5. Тар чөйрөдө сизди оппозициялык маанайдагы саясатчыга жана анын партиясына тымызын колдоо көрсөтүп жатканыңыз тууралуу кептер кызуу талкууланууда. Буга кандай дейсиз? Бул саясатка кайтып келүү аракетинин башталышыбы? Оппозициялык күчкө колдоо көрсөтүп жатканыңыз анык болсо, мунун түпкү максаты эмне?
Домой Саясат Акимжан Муйбиллаевге суроолор: оппозициялык партияга тымызын колдоо көрсөтүп жатканыңыз чынбы?