Домой Саясат Өкмөт башчылык Жээнбековдун өмүрү түшүнө кирген эмес

Өкмөт башчылык Жээнбековдун өмүрү түшүнө кирген эмес

64

Сооронбай Жээнбеков

Текирең-таскактуу Темир Сариев өкмөт башчы кызматынан “секирип” түшөрү менен, саясый кырдаал боюнча түшүбүздө да, өңүбүздө да көрүп жүргөн окуялар кайталана баштады. Өкмөт башчы ким болот, кайсы министрлер кетип, алардын ордуна кимдер келет деген суроолор жалпы элди кызыктырып турат. Азырынча  кийинки өкмөт башчылыкка кандидет катары президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, 58 жаштагы Сооронбай Жээнбеков болуп турат. Атамбаев Жогорку Кеңештин бийликтеги төрт фракциянын лидерлерин кабыл алып: “Кризис шартында жана жазгы талаа жумуштары кызып турган кезде Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттү дайындоо жана анын программасын бекитүү маселелерин мүмкүн болушунча тез арада караш керектигин айтып, өкмөттүн курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кийинчерээк деле караса болот”, — деп катуу тапшырма берди эле, премьер-министрликке негизги талапкерди КСДП чыгарып, фракция лидерлери ошол эле күнү фракция депутаттарын демин көптүрүп кубалап келип, шашылыш жыйынга чогулуп, адегенде эле “Кыргызстан”, анан КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп берди. Президенттин сөзү жерде калбайт, айтканы “муздай” элек кезде, ушинтип аткарылат. Демек, жаңы өкмөт башчы,  ушул жума ичи, бүгүн же, эртеңки парламенттик жалпы жыйында бир добуштан шайланат.

Сороонбай Жээнбеков тууралуу эки ооз сөз. Бул адам 1996-жылдан бери чоң кызматтарда иштеп келатат, Жогорку Кеңешке эки ирет депутат болгон. 2007-жылы Айыл чарба министри. Ал эми 2010-2015-жылдары Ош облусунда губернатор болуп турган. Мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасы мол, интрига менен иши жок, көп аткаминерлерге салыштырмалуу таза, дасыккан аппарат кызматкери, амбициясы чеги менен, сатып басып кетүүдөн алыс турган, ишенимдүү адам. Бирок, реформатор же кризис менеджери эмес. Бир сөз менен айтканда, ишти алып кетүүгө дарамети жетет. Бул адам өкмөт башчылыкка келсе (келүүгө чоң мүмкүнчүлүгү бар), ишти бир калыпта алып кетүүгө аракет кылат.  Жээнбеков:  “Чынын айтсам, премьер болом деп ойлогон эмесмин, ал түшүмө да кирген эмес. Бирок партия ушундай чечим кабыл алгандан кийин макул болдум. Албетте, бул жоопкерчиликтүү жумуш. Азыр бир чети кооптонуп да жатам. Эл алдында, депутаттар алдында мага берилген ишенимди актаганга аракет кылам», — деп ачыгын айтты.

 

Кимдер кетет, кимдер калат?

Өкмөт башчы болуу амбициясы бар: Аалы Карашев, Иса Өмүркулов, Канат Исаев, Кубанычбек Кулматовдорго бул ирет дагы ийгилик “белин ийип”, жылмайган жок.  Жээнбеков өкмөт башчы болгон күндө деле Сариев иштеген команда менен иштейт, кадр алмашуулар азыраак болот. Ошондой болсо да төмөндө Сариев менен кошо иши менен кош айтышып калуу мүмкүнчүлүгү жогору аткаминерлерди санап көрөлү. Чү дегенде эле сап башында Сариевди отставкага кетирүүгө чоң салым кошуп, бул иште интриганын атасын окуткан Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев, бир нече жылдан бери элдин ишенимине кире албай, байкоосуздан чоң кызматка келип калып, ишти талапка ылайык алып бара албай, буга чейин катуу сынга кабылып келген Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева турат. Андан кийин Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси, баскан жолунда далай “былыктары” бар Алмаз Кадыркулов, Салык кызматынын башчысы Замир Осмонов, Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын башчысы, иши начар Алик Мамыркулов дагы кызматтан кетиши мүмкүн.

Ал эми Сариевдин аркасы менен “майлуу”  кызматтарга келишкен, экс-премьердин көздөй кадрлары: вице-премьер министр Олег Панкратов, Каржы министри Адылбек Касымалиев, “Кыргызалтындын” генералдык директору Алмаз Алимбековдор азырынча өз ордуларында калат, бирок көпкө узабасына бөркүңүздөй ишене берсеңиз болот. Бирок, Панкратовдон буга чейин пайда болгон эмес. Демек, кызматтан кол жууп калышы ажеп эмес.