Домой Кырсык Иса Өмүркуловдун уулуна карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Иса Өмүркуловдун уулуна карата козголгон кылмыш иши токтотулду

16

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун уулуна карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

“Азамат Өмүркулов сүзүп алган кыз жеңил жаракат алган. Ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жыйынтыгында кыз Өмүркуловго карата эч кандай доо жок экенин билдирген

Буга байланыштуу иш токтотулуп, жол эрежесин бузгандыгы үчүн Азамат Өмүркуловго 22,5 миң сом айып салынган”,- деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 15-майда депутаттын уулу велосипед айдап бара жаткан кызды сүзүп алган.